Ирандын жол инфтраструктурасы жана унаалары

Бул чыгарылышта Ирандын жол инфтраструктурасы жана унаалары жөнүндө айтып беребиз. Иранда шаарларды бириктирген жол түйүндөрү өтө өнүккөн. Жергиликтүү ууналардын кыйма-чийме кыймылынан адашып кетпөө үчүн жол картасын колдонуу абзел. Ирандын жолдорунун жалпысынан 180000 км болсо дээрлик 117000 км асфальт төшөлгөн.

Шаарларды бириктирген жана шаар ичиндеги асфальтталган жолдорунун сапат сыны жогору, бекем экени байкалат.Дагы көп жылдар бою кызмат кылаары анык
Иранда унаа көп, айрыкча Тегеран шаарында бир багытта 4-5 тилкеден турган жазы транспорт айланмалары өтө көп.

Жолдору жылмакай асфальтталган, жол кыймылын жөнгө салуу үчүн автожол белгилери, жол чырактар орнотулганы менен ар бир эле айдоочу жол эрежелерин сактай бербесине күбө болдук. Оң же сол тарапка бурулуу учун унаанын чырагын күйгүзүп убара деле болушпайт.

Шаар ичиндеги трассаларда кутуусуз маневрларды жасоо кадыресе көрүнүш
Ал эми жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу учун жер үстүндөгү өтмөктөр абдан көп орнотулганы байкалат.

Негизинен жашоого коопсуз шаар десек болот. Унаанын көптүгүнөн жол тыгындар кадыресе көрүнүш экени байкалат. Кесилишкен майда көчөлөру кылымдарды карыткан таман таштар орнотулуп, карама каршы тилкеде 2 унаа жүрө алат.
Андан тышкары жергиликтүү калктын дээрлик көпчүлүгү мотоцикл, мопед жана шайтан арабалар менен жүрүшөт.

Эл жашаган аймакта саатына 60км ылдамдыкта айдоого уруксаат берилсе, чон жолдордо 90 км ал эми магистралдарда 110км ыдамдыка уруксат берилген. Унаалардын көпчүлүгү жергиликтүү өндүрүштөн чыккан бир өңчөй Renault, Peugeot сыяктуу чакан унаалар экени байкалат. Унаа өндүрүү нефть менен көгүлтүр оттон кийинки 3 орунду ээлейт. Жеңил автоунаа, жук ташуучу унаалар, автобустар, микроавтобустар, пикап унааларды сыяктуу 6 түрдүү транспорт каражаттарын  өндүрүлөт.

 

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *