Исфахан шаарынын борбордук «Имам» мечити

Исфахан шаарынын борбордук аянтында орун алган комплекс мечит 17 кылымда 1611-1619 жылдар аралыгы курулган. Мечиттин ички жан тышкы жасалгасы өзгөчө дизайнда сары жана көк боёкторго боёлгон байыркы перстерге таандык орнаменттер түшүрүлгөн.Ошол өңдөр арадан 5 кылым өтсө да, каныккан бойдон сакталганы бизди таңкалтырды

Ошол мезгилдин мыкты архитектор куруучулары, сүрөтчүлөрү, мыкты каллиграфтардын кол эмгеги менен жасалган Нахш- Е- Жахан мечити Ирандын тарыхый баалуулуктарынын бири болуп эсептелет. Башкы имаратынын белгиленген так ортосуна туруп азан айтканда , ал мечиттин башка бөлүктөрүнө дагы так даана жаңырат. Демек мечиттин имараты барып турган кемтиксиздик,кынтыксыз, архитектуралык өзгөчөлүк менен жасалгандыгынын белгиси.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *