«Сио-се-Поль». Исфахан шаарынын тарыхый көпүрөсү

Исфахан шаарынын тарыхый ажайып жайларынын бири Сио-се-Поль көпүрөсү 1602 жылы курулган. Узундугу 298 метр ал эми туурасы 13.5 метр түзөт. Исфахан шаарынынын так ортосунан агып өткөн Заянде-Руд дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрө кылымдарды карытып бүгүнкү күнү да бекем тургандыгы өзгөчө архитектуралык дизайны, ар бир ташы так эсеп менен жасалгандыгынан кабар берет.

Сио-се-Поль 33 көз деп которулат. Ажайып тарыхый жай шаар тургундары, жана туристтер үчүн сейилдөөгө ылайыктуу жер.
Жергиликтуу элдин айтымында дарыя жаз айларында гана агат, дарыя агып турган учурда көрүнүшү айтып бүткүс керемет.

 

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *