Улуттук иденттүүлүк жана руханий баалуулуктар боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Улуттукц иденттүүлүк жана руханий баалуулуктар боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

2026-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттик түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи катары улуттук иденттүүлүк жана руханий баалуулуктар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлүүдө.

Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы аймагындагы «Энесай» конок үйүндө уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, диний конфессиялардын өкүлдөрү жана жарандык коомдун мүчөлөрү катышууда.

Конференциянын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда улуттук иденттүүлүктүн, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктардын ролун талкуулоо, ошондой эле коомдук туруктуулукту, конфессиялар жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо багытындагы актуалдуу маселелер боюнча илимий жана практикалык сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө соңку 30 жыл ичинде диний жана этностор аралык саясат жаатында жүргүзүлүп келген мамлекеттик саясаттын негизги жетишкендиктери белгиленип, коомдогу ынтымакты, жарандык биримдикти жана улуттук иденттүүлүктү бекемдөө мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендиги айтылды.

Мындан тышкары, конференциянын алкагында улуттук иденттүүлүк, руханий баалуулуктар, диний сабаттуулук, жаштар саясаты, жарандык иденттүүлүк, глобалдашуу шартындагы маданий жана руханий чакырыктар, ошондой эле радикалдашуунун алдын алуу маселелери боюнча баяндамалар жасалууда.

Конференция мамлекеттик органдар, илимий мекемелер жана эл аралык өнөктөштөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, илимий-изилдөө иштерин күчөтүү жана коомдук аң-сезимди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу аянтчасы болуп саналат.

Жыйынтыгында катышуучулар руханий баалуулуктарды сактоо, улуттук иденттүүлүктү бекемдөө жана коомдук туруктуулукту камсыз кылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири экендигин белгилеп, бул багыттагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешет.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *