Мамлекет өз жаранын таштабайт

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Кыргыз Республикасынын куткарылган жарандарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Акыркы кырдаалдарга байланыштуу, Иран Ислам Республикасында ар кандай себептер менен чыгып кете албай калган Кыргызстандын үч жаранына көрсөтүлгөн жардамыңыз жана аларды Азербайжан Республикасынын аймагы аркылуу аман-эсен мекенибизге жеткирүүгө кошкон салымыңыз жогору баага татыйт. Бул кадамыңыз сиздин мекенге болгон чексиз берилгендигиңизди жана адамгерчилигиңизди айгинелеп турат.

Сиздин аракетиңиз ар бир мекендешке үмүт, ишеним жана колдоо берип, өлкөбүздүн атын даңазалоого чоң салым кошту. Мындан ары да жоопкерчиликтүү ишиңизди ар дайым ийгиликтер коштоп жүрсүн.

Болуп өткөн окуя, сиздин ар бир жаранга кайдыгер эмес экениңизден кабар берет.
Сизге чын дилибизден бекем ден соолук, узун өмүр, талыкпас эмгек жана мындан аркы иштериңизде ийгиликтерди каалайбыз!

«Кыргызстандык мекендештердин атынан»

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *