Баалуу мурастарга бай Анкаранын музейлери

Терең тарыхы, кооз жайлары менен туристтердин өлкөсүнө айлана алган Түркиянын дагы бир керемет маданий жайлары жөнүндө кеп кылабыз. Бул Анадолу цивилизациялар музейи жана сүрөт, скульптура музейи. Бай тарыхты камтыган аталган жайлар өткөнгө кызыккан туристтер үчүн табылгыс көрөңгө боло алат. Анда сөз башынан болсун.

Өзгөчө казыналар сакталган Анадолу цивилизациялар музейи

Аталган музей Мустафа Кемал Ататүрктүн демилгеси менен 1921-жылы курулган. Анкарадагы эң чоң түрк музейлеринин бири. Саякатчылар бул жерден Анадолунун байыркы элинин жашоосу жөнүндө түшүнүк берген көптөгөн маданият жана искусство объекттерин көрө алышат. Биринчи коллекция 1921-жылы көрсөтүлгөн. Ал эми 1938-жылы музейге байыркы Осмон империясына таандык эки имаратты бөлүп берүү чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күндө алардын бири административдик максатта кызмат кылса, экинчисинде экспонаттар коюлуп, келген конокторго каалгасын ачууда. Жылына жарым миллионго жакын саякатчыны кабыл алып келет.

Баалуу мурастарга бай Анкаранын музейлери

Музейде туристтерди баалуу экспонаттар күтүп турган бир нече зал бар. Палеолит залында Караин үңкүрүнөн археологдор тарабынан табылган буюмдар коюлган. Неолиттик залда кудайлардын айкелдери, ошондой эле аскага (ташка) тартылган кызыктуу сүрөттөр бар. Коло доорунун зер буюмдары, бугулардын жана аялдардын айкелдери хеттик уруулардын жашоосун чагылдырат. Жогорудагы буюмдар Анадолу цивилизациялары музейинин көргөзмөлөрүнүн аз гана бөлүгү. Бул жерден кийинки доорлорго таандык табылгалар да бар. Ошондой эле тарых сүйүүчүлөр ар кандай мезгилдеги тыйындарга, зер буюмдарга, искусство чыгармаларына жана тиричилик буюмдарына суктана алышат.

Музейдин экспонаттары 7500 жылдык мезгилди камтыйт жана анын байыркы хетиттерге арналган коллекциясы дүйнөдө теңдеши жок. Бул анын дүйнөдөгү эң маанилүү музейлердин бири экенин көрсөтүп турат.

Миңдеген жылда көптөгөн цивилизацияны дүйнөлүк тарыхка алып чыккан Анадолунун эң өзгөчө казыналары сакталган музей сөзсүз бир кайрылып кетүүгө татыйт.

Сүрөт жана айкел музейи — 200 жылдык тарыхты камтыйт

Баалуу мурастарга бай Анкаранын музейлери

Мустафа Кемал Ататүрктүн башкаруусунун алдында түзүлгөн тарых казыналарынын бири болгон сүрөт жана айкел музейи бар. Музейдин имараты 1927-жылы архитектор Ариф Хикмет Коюноглу тарабынан долбоорлонуп, 1927-1930-жылдары курулган. Алгач түрк улуттук бирикмелеринин башкы кеңсеси болуп ачылса, музей катары 1980-жылы негизделген.

Башында жеке музей катары иш алып барып, кийинчерээк Түркия өкмөтүнүн карамагына өткөн.

Бүгүн музей түрк искусствосунун борбору болуп саналат. Анда белгилүү түрк живописинин жана скульптурасынын өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон эң көрүнүктүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган. Ошондой эле түрк сүрөт искусствосунун калыптануу жана өнүгүү доорлорун жана классификациясын чагылдырган көркөм чыгармалардын коллекцияларынан тышкары көркөм сүрөт искусствосунун китепканасы да бар. Китепканада түрк сүрөтчүлөрүнүн архиви сакталган.

Баалуу мурастарга бай Анкаранын музейлери

Музейдин коллекциясы жыл сайын толукталып турат. Учурда музейден 19-кылымдын аягынан бүгүнкү күнгө чейинки 3,5 миңге чукул живопистин жана скульптуранын, графиканын жана фотосүрөттөрдүн, керамикалардын уникалдуу коллекцияларын көрүүгө болот. Мындан тышкары дайыма көргөзмөлөр өткөрүлүп турат.

Баалуу мурастарга бай Анкаранын музейлери

Музейдин коллекциясынын алгачкы эмгектери Осман Хамди Бейдин “Курал соодагери”, Василий Верещагиндин “Тимур Тамерландын эшиктери”, Зонаронун “Тамерландын күмбөзү”, Эмел Корутүрктүн “Жаш кыздын портрети” жана башка ушул сыяктуу эмгектер болгон. Кийин көркөм казына түрк сүрөтчүлөрү Эсреф Урен, Туран Эрол, Ариф Каптан, Орхан Пекер, Рефик Эпикман, Осман Зеки Эрол, Шефик Бурсала жана башкалардын эмгектери менен толукталган. Бул эмгектер саякатчыны Түркиянын маданияты, искусствосу менен толук тааныштырып, кайдыгер калтырбайт. Андыктан Анкарага болгон сапарыңызды аталган музейлерсиз элестетпеңиз.

Баалуу мурастарга бай Анкаранын музейлери

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *