Волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чемпионаты өттү

Ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште Ош ОИИБдин командасы 1-орунду ээледи.

Экинчи орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы алса, үчүнчү орунду Бишкек ШИИББнын командасы багындырды.

Достукту жана кызматкерлер ортосунда ынтымактыкты бекемдөө максатында уюштурулган иш чара Баткен облусунда 2023-жылдын 16-17-август күндөрү кызмат учурунда каза болгон милициянын ага сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулду.

Мелдеште катышкан кызматкерлердин жеңүүчүлөрүнө кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Чемпионаттык турнирге республика аймагындагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жалпы болуп 11 команда катышкан.

Бул иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз дене-тарбия “Динамо” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары милициянын отставкадагы полковниги Төрөкул Мадалиевдин айтымында бул мелдеште Ош облустук ички иштер башкармалыгынын командасы-ынтымагы, уюшкандыгы жана биримдиги менен өзгөчөлөнүп жеңишке ээ болушту.
Оюндун жыйынтыгы боюнча Ош ОИИБдин кызматкери милициянын майору Азамат Базарбаев “мыкты оюнчу” деп табылды.
Ош облусунун укук коргоо сакчыларына дагы бир ийлиликтери менен куттуктайбыз.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *