Кыргызстандык журналисттер Ирандагы IRIB телерадиокомпаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Иранга таанышуу иш сапары менен барган Кыргызстандын тележурналисттери аталган өлкөнүн Исфахан шаарына келди.

Иш сапардын алкагында Кыргызстандан барган массалык маалымат каражатынын өкүлдөрү жергиликтүү IRIB («Седо ва симо») телерадиокомпаниясына барды. Анын ишмердүүлүгү менен аталган телекомпаниянын директору Афшар Ниа тааныштырып, Кыргызстандан барган делегацияны жылуу тосуп алды.

Эки тараптуу жолугушуу телекомпаниянын маалымат жыйын залында өтүп, телеканалдын мүдүрү Афшар Ниа Кыргызстандан келген ЖМК өкүлдөрүнө «Седо ва симо» телеканалы жана Исфахан шаары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, Афшар Ниа Кыргызстандагы телерадиокомпаниялар, маалымат агенттиктер менен эки тараптуу кызматташтыкка даяр экенин билдирди.

Маалымат үчүн: «Седо ва симо» телерадиокомпаниясы 24 саат бою обого чыгат. Телекомпаниянын 3 теле, 4 радио студиясы бар. Жалпы 500дөй кызматкер эмгектенет. Программалар обого фарс тилинде чыгарылат. Аймактар боюнча 20дан ашык филиалы бар.

Белгилей кетсек, кыргызстандык тележурналисттер үчүн таанышуу турун Fars News агенттигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү («Eurasia Today» агенттиги) уюштурган.

Делегациянын курамында 21 адам, анын ичинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Маданият министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев, УТРК, ЭлТР, Ош ТВ, НТС, Нур ТВ, Жалал-Абад ТВ, Баткен ТВ, Азия ТВ, «Кабар» маалымат агенттиги, «Умма» ислам-журналынын жетекчилери жана журналисттери бар.

Сапардын максаты — Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук жана маданий байланыштарды чыңдоо, таанышуу, өз ара маалымат жана тажрыйба алмашуу.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *