Салык кызматы Салык кодексине салыктык төлөм талаптарын коюунун тартибине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылганын билдирет.
Азыркы учурда салыктык төлөм талаптары салык органдары тарабынан банктарга ишкердик субъекттеринин — юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин тастыкталган салык карыздарына карата гана жөнөтүлүшү мүмкүн. Карыз катары соттун күчүнө кирген чечими же башка акыркы чечим менен тастыкталган, талашсыз карыз эсептелет. Мыйзам долбоору менен бул механизмди жеке жактарга да колдонуу сунушталууда. Жарандарга салыктык төлөм талаптарын колдонуу болсо, карыз соттун күчүнө кирген чечими менен гана мүмкүн болот. Бул чара тастыкталган салык карыздарын өндүрүүнүн жол-жобосун жеңилдетүүгө багытталган жана жарандардын укуктарын бузбайт.
