Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Элчилиги Ыйык Куран жарышынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты

Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Элчилиги үч номинацияда өткөн Ыйык Куран жарышынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты. Аталган жарыш Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын көзөмөлү астында Ыйык Рамазан айына карата уюштурулуп, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Кыргызстан ааламдар кеңешинин төрагасы, Азирети Муфтий, Жогорку Кеңештин депутаттары жана чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Аземде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир Ракиев сөз сүйлөп, аталган жарышты өткөрүүгө көңүл буруп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Элчилигине ыраазычылыгын билдирди.
Андан сырткары, Аалымдар кеңешинин төрагасы, дин аалымдары, депутаттар жана башка коноктор да Сауд Арабиясынын Ыйык Куранды үйрөтүүгө кошкон салымын белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы Элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради мырза жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырып, аларга ийгилик каалады.

Жарышка катышкандардын бир нечеси өздөрүнүн кубанычын бөлүшүп, мындай мелдештер Ыйык Куранды үйрөнүүгө шыктандыраарын белгилешти. Аягында, Сауд Арабиясынын жетекчилигине Ыйык Куранды жаттоочуларга көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн, ыраазычылык билдиришип, баталарын беришти.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *