Муфтийи Замир кары Ракиев Иранда өткөн Ислам биримдиги аттуу экинчи аймактык конференцияга катышты

Кыргыз Республикасынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиев Ирандын Горган шаарында өткөн Ислам биримдиги аттуу экинчи аймактык конференцияга катышты.

Кыргызстандын Азирети муфтийи Замир Ракиев баш болгон делегация Иранга барып, Горган шаарында өткөн Ислам биримдиги аттуу экинчи аймактык жыйынга катышты. Ал 2023-жылдын 15-февралында болуп өткөн жыйында Диний баарлашууну кеңейтүү керектигине токтолду: “Биз жер жузүндөгү бардык мусулмандар бири бирибиз менен эриш аркак кызматташуубуз керек жана болуп жаткан кыйынчылыктарга туруштук берип, Ыйык куранда айтылгандай эң мыкты үммөт боло алабыз.

Айта кетсек, бул жыйынга Кыргыз Республикасынын дин башкармалыгынын жетекчисинин кеңешчиси Кадыр ажы Маликов, Кыргыз Республикасынын Расул Акрам университетинин ректору Садраддин Иминов, мамлекеттик жана саясий ишмер Турсунбай Бакир уулу катышышты.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *