Баткенде журналисттер үчүн үч күндүк пресс-тур башталды (видео)

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан алдыңкы республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери жана блогерлер үчүн Баткен облусуна уюштурулган үч күндүк пресс-тур башталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасы Баткен облусунан башталат» деген билдирүүлөрдү жасап, ар дайым региондун маанисине басым коюп келет.

Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жогорулатуу максатында 2021-жылы “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынып, Баткен облусуна өзгөчө статус берилген.

Учурда Баткен облусунун аймагында атайын салык режими, өзгөчө инвестициялык режим, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын өзгөчө режими, ошондой эле жергиликтүү калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн өзгөчө жеңилдетилген режими белгиленген.

Аталган иш-чаралардын жыйындысы аймактын ырааттуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, калктын тышка карай агымын азайтууга, инвестиция тартууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, чек ара чыр-чатактарынын санын кыскартууга өбөлгө түзүшү керек.

Пресс-турдун жүрүшүндө журналисттер жана блогерлер социалдык жана инфраструктуралык объектилерде, өнөр жай ишканаларында болуп, аймак тургундары жана Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен жолугушмакчы.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *