Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла!

Урматтуу мусулман бир туугандар! Алла  Таала адам баласын жараткандан соң,  «Төрт тарабың кыбыла, башың бош» — деп таштап койбостон, бизге жашоо эрежесин көрсөткөн Ыйык Куранды түшүрдү. Андыктан бул жалганда адашпастан туура жашап, акыретке, Алланын алдына жарык жүз менен баруу үчүн Куран Жараткандын сөзүн бурмалабай, тескерисинче ал жөнүндө кенен маалыматка ээ болуу ар бир мусулмандын милдети.

Бизге чейинки замандарда  ыйык  Куран китебин  жок кылуу,  мусулмандардын колунан биротоло алуу үчүн канчалаган аракеттер болду. Канчалаган ыйык Курандарды өрттөштү, дарыяларга чөктүрүштү, кабырларга көмүштү бирок, жыйынтыгында сан миңдеген Куран нускалары пайда болду. Бул эле эмес көкүрөгүндө жат алган бул Кудайдын сөзү үчүн өмүрлөрүн арнап, ага амал кылып жашаган  миллиондогон мусулмандарды түрмөлөргө камап, өлтүрүп жок кылышты. Кийин эмне болду билесиздерби? Башка миллиондогон улук заттар колдорунда, тилдеринде, бир да тамгасын өзгөртпөстөн ыйык Куранды сактап, бүгүнкү доорго чейин алып келишүүдө.

Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз! Анткени ыйык Куранды бурмалоо бул чоң күнөө эле эмес, Алланын каарын алып келет. Алланын каары келсе, пенденин колунан эч нерсе келбейт.

«Албетте, бул эскертмени (Куранды) Биз Өзүбүз түшүрдүк жана эч шек күмөнсүз аны Өзүбүз сактоочубуз» (Хижр 9).

Ар бир адам акылына жараша иш кылуусу керек. Кудай Тааланын мыйзамына каршы чыкпагыла!  Аллах айткан нерсени пенде өзгөртө албайт. Ыйык Куранда кайсыл нерсе арам, адал экендиги 14 кылым мурда эле айтылып, кыяматка чейин  сактала берет. Куранда айтылган арам нерсени эч ким адал кыла албайт.

Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла. Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок.

Динди, Куранды билбеген инсан Куран аятын окуп, анын түпкү маанисине түшүнбөй туруп чечмелөөсү туура эмес. Ар бирибиздин Алла Тааланын алдына баруучу күнүбүз алыс эмес. Курандан колуңарды тарткыла! Акыл жетпеген иште, адис менен кеңешүү керек. Аллахтын сөзүн саясатчы эмес, аалымдар чечмелесин. Ыйык китеп менен каада күтүп, добуш алам деген арам оюңардан кайтып, кеч боло электе тообо кылгыла!

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *