Бишкекте түрк тасмаларынын жумалыгы башталып, фильмдер акысыз тартууланат

Бишкекте 16-20-октябрь күндөрү Түрк тасмаларынын V жумалыгы өтөт. Бул туурасында өлкөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, иш-чаранын алкагында Кыргызстандын кино сүйүүчүлөрү түрк кинорежиссёрлорунун акыркы жылдары жараткан тасмаларын акысыз көрө алышат.

Жумалыкта «Чудо в камере 7»,“Баскетбол шакекчеси”, «Маузер», «Жизнь любви» жана «Головы мадыры: Пупок-холм» мультфильми тартууланат. Тасмадан соң көрүүчүлөр актёрлор менен жолуга алышат.

Ошондой эле Кыргызстандын кинематографисттери түркиялык кесиптештери менен жолугушуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана талкууларды уюштурушат.

Түрк тасмаларынын жумалыгы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кинематографиянын күчүнө негизделген дагы бир көпүрө куруу, кесипкөй кинорежиссёрлордун сыйлыкка татыктуу болгон эмгектерин, ошондой эле популярдуу тасмаларды көрсөтүүнү максат кылат.

Тасмалар «Манас» кинотеатрында тартууланмакчы.

 

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *