Ислам и Современность (кырг: 48-чыгарылыш) Рамазан жана орозо

Ислам жана азыркы учур

 48-чыгарылыш

Ассаламу алейкум варахматтулооху.  Бейпилдик жана Аллахтын мээримин каалайм!

Кадыр Маликов,  ислам укугу боюнча адис.  

2001-жылы Иордания университетин (Univercity of Jordan) “ислам юриспруденциясы” адистиги боюнча аяктаган.

 2005-жылы — Испаниядагы Мадрид университетинин (Universidad Complutense de Madrid) “чыр-чатактарды башкаруу жана Азия-Тынч океан аймагындагы жана Борбордук Азиядагы коопсуздук” адистиги боюнча аяктаган.

Урматтуу теле көрүүчүлөр!

Бүгүнкү берүүбүздө биз рамазан жөнүндө — орозо жөнүндө кеп кылабыз. 

Кыязы, карантин шарттарында Рамаданды кантип өткөрүү керек деген биринчи суроодон баштайбыз го. Адегенде орозо деген эмне экенин айта кетүүнү туура көрүп турам – бул ай ичинде мусулмандар орозо кармап жаткан учурда тамак-аштарды, суусундуктарды ичүүдөн жана башка ырахат алуучу нерселерден карманышкан ыйык ай. Куранда Аллах Субхана ва Таала мындай деп айтат: (Арабча).  «О, Ага ишеним арткандар, силерге Рамазан учурунда орозо кармоо буйрулат, анткени ал силерден мурдагыларга да буйрулуп келген», башкача айтканда булар Иудейлер менен христиандардын жамааттары.   

Силер кудайдан коркуучу болушуңар мүмкүн, башкача айтканда орозо тутуу ар бир мусулман эркектин жана мусулман аялдын милдети болуп саналат, анткени биздин Пайгамбарыбыз Мухаммад саллалаху алейхи вассалам: (Арабча) дейт жана Исламда 5 парз бар экендигин санап берген.

Биринчиси – бул Шахада – Жалгыз гана Аллахка ишенүү жана жалгыз гана Аллахка сыйынуу.

Экинчиси – бул Намаз, б.а. Ассалла, динге ишенген ар бир мусулман беш ирет намаз окууга тийиш. 

Бул ошондой эле (Арабча) Рамадан, ыйык Рамадан айынын учурунда орозо тутуу.

Ошондой эле колунда барлардын жакыр адамдарга зекет берүүсү.

Бешинчи парз – Ажылык, мүмкүнчүлүгү барлардын Ажылыкка баруусу (Арабча) 

Эгерде биз карап көрсөк, эпидемиянын же согуштун, кагылышуулардын учурунда Ажылык аткарылбай калышы мүмкүн. Быйылкы жылы Ажылык болбой калышы ыктымал. Ошондой эле зекет берүү бул колунда бар адамдардын милдети. Ошондуктан бизде мейли коронавирустун, чуманын, холеранын пандемиясы же согуш болобу бир дагы адам бошотулбай турган болгону үч парз калат – булар намаз жана орозо. Башкача айтканда орозону жана намазды биз өз убагында аткарууга милдеттүүбүз. Анын үстүнө бул ар бир адамга тиешелүү. 

Ошондуктан Аллах Куранда Аллах Субхана ва Тааланын бизге жеңилдик берүүнү каалай тургандыгы (Арабча) жана «Аллахтын силер үчүн жеңилдик берүүнү каалап, диндеги кыйынчылыктарды каалабай тургандыгы тууралуу айтат. Б.а. бул орозонун учурунда физикалык себептер менен, ден соолугунун абалы боюнча орозо кармай албай турган оору адамдар орозо тутуудан бошотуларын билдирет. Ошондой эле сапарга чыккан жолоочулар да жолдо жүргөн убактарында орозо кармоодон бошотулат. Б.а. алар  ал күндөрдү орозо бүткөндөн кийин ушул жыл ичинде толуктап кармоого тийиш. Ошондуктан Рамадан карантин шарттарында демейдегидей эле жылдын бардык башка мезгилдериндей жүзөгө ашырыла берет. Быйылкы жылы гана Рамадан убагында таравих болбойт, ар бир киши таравихти мечитте эмес, үйүндө окуса болот, анткени бул жылы мечиттерде жума намаз окулбайт, жума намаз парз болуп саналат, бирок коронавирус пандемиясынын жайылып кетүү коркунучунан улам жума намазды токтотуп туруу чечими кабыл алынган, таравих намазы парз болуп эсептелбейт, ал сунна болуп саналат, ошондуктан аны ар бир киши үйүндө өз алдынча окуйт. Орозо учурунда коронавирус пандемиясынын жайылып кетүү коркунучунан улам ифтарлар үйдө, б.а. өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн чөйрөсүндө өткөрүлөт. Эгер кимдир-бирөө бирөөнү сыйлагысы келсе, туугандарын чакырып тамак бергиси келсе, алардын ар бири анын ордуна баштык жасап, аны жакырларга таратып бергени дурус болор эле. Анткени биз гана биринчи кезекте жакындарыбыз, кошуналарыбыз, жакыр адамдар, муктаж болгондор тууралуу ойлоого тийишпиз. Эгер динге ишенгендер ифтардын жана ага чакыруунун ордуна муктаж болгондорго азык-түлүктөрдү таратып бергени абдан жакшы болот.

Урматтуу телекөрүүчүлөр! 

Мен сиздерге кайрылып кетким келет, бул жылы ыйык Рамадан айы сиздер үчүн көнүмүш болбогон айрым бир шарттарда өтмөкчү, б.а. биз мечиттерге эркин бара албайбыз, жума намазга бара албайбыз, ифтарларда чогуу жолугуша албайбыз, таравихти чогуу окуй албайбыз.

Бул биз үчүн болгон сыноо. Дал ушул ыйык Рамадан айынын келишинин астында мен сиздердин ар бириңиздерге кайрылып кетким келет, анткени Рамадандын мааниси – бул Имсак, күндүзгү убактарда гана тамак-ашты жана суусундарды ичүүдөн гана кармануу эмес, бул биринчи кезекте өзүнүн нафсын – өзүнүн эгосун тыюу, ошондуктан бул Рамадан айында ынтаңарды жакшылап койгула. Рамадан айынан кийин башка адам болуп чыгууга аракет кылгыла, жылына бир жолу колубуздан келишинче ар бирибиз ыйманыбыз жогору болуп, ишеним менен, кудайдан корко тургандай болуп чыгалы. Аллах Субхаана ва Таала өзүңдүн кумарданууңду, денеңдин кызыгуусун, өзүңдүн нафсыңды – өзүңдүн эгоңду  ооздуктоого бизге мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле бул ыйык айда бизде өзүңдүн руханий дүйнөңдү байытууга, өзүңдүн жетишпеген жактарыңды оңдоого, руханий дүйнөңдү оңдоого жана жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар, бул өтө маанилүү нерсе, анткени Куранда Аллах бизди Рамадан айында тазаланууга чакырат. Рамадан айындагы  орозо тутуунун негизги мааниси тамак-аш жана суусунду ичүүдөн гана кармануу эмес, өзүнүн ойлорунун тазаланышын, өзүнүн ниетинин оңолушунун тазаланышын да кармануу. Чындыгында, Аллах бизге сыноо берди, бүткүл адамзатка сыноо берди, бүгүн биз, бүтүндөй адамзат бир чоң кайыкта, бир кемеде тургандыгыбызды түшүнүүгө тийишпиз. Эгер кайсы бир жеринде илмеги бар болсо, анда ага кубануунун, эгер кимдир бирөө адашып калса, аны табалоонун  кажети жок, анткени биз бир кемеде турабыз, ал чөгүп кетиши мүмкүн, мына ошондуктан биз глобалдуу ойлонушубуз керек, өзүбүздүн үй-бүлөбүз тууралуу, өзүбүздүн коомубуз жөнүндө, бүтүндөй адамзат тууралуу ойлонуп, кайгыны тең бөлүшүп, биримдиктүү болушубуз абзел. Анткени бул ишке пайгамбарыбыз Мухаммад саллалаху алейхи вассалам катуу осуятын калтырган. Биздин бүтүндөй коомду оңдоого, өзүбүздү өзүбүз оңдоого мүмкүнчүлүгүбүз бар, анткени сыноолор ушундай максат менен берилет, б.а. өзүбүздүн кылган ишибизди башкача түшүнүү үчүн, жашообуздун максатын башкача түшүнүү үчүн, жүрүм-турумубузду башкача түшүнүү үчүн берилет.

Тилекке каршы акыркы убакта биз материалдык байлыктын артынан көбүрөөк түшүп, баюуну көздөп, жакындарыбыз тууралуу ойлобой, туугандык мамилелерибизди бузуп алдык. Тилекке каршы, дин тил менен гана айтылып, тышкы көрүнүшү менен гана сезилген фактылар пайда болуп, ишибизден көрүнгөн жок, ниеттерибизден билинген жок. Ошондуктан ыйык Рамадан айынын алдында мораль, адеп-ахлак, ишеним жана мамиле сыяктуу жогорку сапаттарыбыз тууралуу сиздердин эсиңиздерге салып кетким келет. Куранда Аллах Субхаана ва Таала мындай дейт: (Арабча), Туль Имран сүрөсү, 110-аят. Бул «Силер жакшылыкка үндөгөн жана жамандыктан тыйган, Акыр замандын алдында чыккан жакшы жамааттардын бири болдуңар жана силер жалгыз гана Аллахка ыйман келтиресиңер» дегенди билдирет. Ошондуктан динге ишенгендерге жакшылыкка жана жамандыктан алыс болууга үндөөдө өтө чоң жоопкерчилик жатат.

Бүгүн тилекке каршы, биз ар бир адам коом жөнүндө ойлобой, өзү менен өзү алек болуп жатканын көрүп жатабыз, биз жакшылыкка үндөп, жамандыктан тыюу менен, биринчи кезекте өзүбүз тууралуу унутуп калып жатабыз. Биздин үндөп айткандарыбыз кээде өзүбүздүн жүрүм-турумубузга, өзүбүздүн адеп-ахлагыбызга, өзүбүздүн жасаган мамилебизге туура келбей калып жатат, ошондуктан Куранда Аллах Субхаана ва Таала арабча тастыктайт жана ал мындай дейт: «Эгер силер биринчи кезекте өзүңөрдүн жүрүм-турумуңарды, адеп-ахлагыңарды үлгү катары көрсөтүү менен жакшылыкка үндөп турсаңар, анда силер жакшы жамаатсыңар. Эгер силер жактырылбаганды, тыюу салынганды четке кагып, унчукпай калбасаңар жана жалгыз гана Жараткан Аллахка ишенсеңер, силер жамааттардын эң мыктысы болосуңар».    

Пайгамбарыбыз Мухаммад саллалаху алейхи вассалам мусулман адамдын адеп-ахлагын сыпаттоо менен, арабча деп айткан, б.а. «анын колдорунан жана анын тилинен зыян келбеген адам динге ишенүүчү болуп саналат».

Кийинки хадисте пайгамбарыбыз Мухаммад саллалаху алейхи вассалам арабча деп айткан, «жакшы кабар айткыла жана динден алыстаткан нерсени айтпагыла». Биз үндөгөндө коркуу менен үндөгөн учурлар болот, бул такыр туура эмес. Адамдарга алар эмнеден качуу керектигин жана динди жаман көрүү керектигин айтпастан, аларга жакшы кабар айтып, жумшак сөз айтуу абзел. Арабча «динди жеңилдеткиле жана аны кыйындатпагыла».  

Пайгамбарыбыз Мухаммад саллалаху алейхи вассалам арабча деп айткан, «Чындыгында Жараткан Аллах мээримдүү, ырайымдуу жана жактыруучу. Арабча жана ал ар бир иштеги мээримдүүлүктү, ырайымдуулукту жактырат».

Ошондой эле пайгамбарыбыздын шериктеши Джабер Ибн Абдулла мындай деп айткан: арабча – ал пайгамбарыбыз Мухаммад саллалаху алейхи вассалам менен канча жолу жолукса да, пайгамбарыбыз дайыма анын жүзүнө карап жылмайып турчу.

You May Also Like

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *