Бишкекте «Светтик принциптерди, абийир, дин тутуу эркиндиги жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу» окутууларды өткөрүүдө

Бүгүн, 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Бишкек шаарынын, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине “Светтик принциптерди, абийир, дин тутуу эркиндиги жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу” аталышында эки күндүк окутууларды өткөрүүдө.

Окутуулар мамлекеттик органдардын дараметин жана көндүмдөрүн чыңдоого, өз ара кызматташууну бекемдөөгө, радикалдуу жана экстремисттик идеологияларды жайылтуунун алдын алууга багытталган.

Аталган иш-чара 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында уюштурулуп жатат.

Мындай окутуулар өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлөт.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *