Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Иран өлкөсүнө гуманитардык жардам жөнөтүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кадам аталган өлкөдөгү жабыр тарткан жарандарга колдоо көрсөтүүгө багытталган. Жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жүктүн 66 тоннасы азык-түлүк (ун, эт консервалары жана өсүмдүк майы), ал эми 63 тоннасы дары-дармектерден турат.

Жардам ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаасына жүктөлдү. Жүк Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычевдин катышуусунда тийиштүү тарапка өткөрүлүп берилет.

Даярдоо жана жөнөтүү иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан биргеликте ишке ашырылды.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *