Ата Журттан туулган жерге карай: кыргыз туугандар Ванда жолугушат

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылына 1980-жылдары көчүп барган 4 миңге жакын кыргыз жашайт.

Аталган аймакта үстүбүздөгү жылдын 12-24 – август күндөрү эки өлкө арасындагы маданий көпүрөнү чыңдоо максатында Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен иш-чара өткөрүлөт.

“Ата Журттан туулган жерге карай: кыргыз туугандар Ванда жолугушат…” аттуу устакана иш-чарасы, аталган аймактагы таланттуу Кыргыз жаштарынын салттуу искусствосун аткаруусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

Аталган долбоордун алкагында Вандагы кыргыздарга, Кыргызстандан кийиз, темир, тери буюмдарын иштетилишин, улуттук музыкалык аспаптардын жасалуу жана аталган аспаптарда ойноо өнөрүн өздөрүү максатында 5 адис жиберилет. Муну менен катар ТРТ Аваз каналы, маданий иш-чараны башындан аягына чейин даректүү тасма катары тартат жана ТРТнын башка каналдарына да жарыялоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Иш-чара тууралуу маалымат берген Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат Ван шаарынын Эрчиш районунда жашаган Түрк атуулдугун алган Кыргыз досторуна арналган долбоор жана устакана иштерине басым жасалганын, Улуу Памир кыргыздарынын маданиятын дагы жакшылып өздөштүрүүлөрүү үчүн ушундай долбоорду ишке ашырып жатышканын белгилеп, “Кыргызстандагы жана Ван шаарындагы кыргыз туугандардын арасында ынтымакты жана байланышты камсыздоо, эки өлкө арасында маданий көпүрөнү чыңдоо, муну менен бирге Вандагы таланттуу Кыргыз жаштарынын өздөрүнүн салттуу искусствосун профессионалдык деңгээлде аткаруусуна көмөкчү болуу максатында ишке ашырылып жаткан иш-чара болуп саналат”, — деди.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *