VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109 мамлекеттин өкүлдөрү катышууда

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат. 31-августта Бишкек шаарындагы «Бишкек Аренада» Оюндардын расмий ачылыш аземи болуп, ага Кыргызстандын жетекчилиги, чет өлкөлөрдөн келген жогорку даражалуу коноктор жана расмий делегациялар катышты.

Быйылкы Оюндарга 109 мамлекеттен 3 миңге жакын спорттук делегациянын өкүлдөрү катышууда. Спорттук программага этноспорттун 42 түрү киргизилген.

Оюндардын негизги иш-чаралары 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусундагы 8 локацияда өтөт. Алардын катарында Чолпон-Атадагы ат майданы, көк бөрү аренасы, «Газпром» спорт комплекси, «Рух Ордо», «Дордой-Номад», Кырчын жайлоосу, Көчмөн цивилизация борбору жана «Евразия» эс алуу борбору бар.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорт менен катар маданият жана илим багыттарын да камтыйт. Маданий программага 65 мамлекеттен 430дан ашык чыгармачыл топ катышып, алты күн ичинде 800дөн ашык иш-чара өткөрүлөт. Ал эми эл аралык илимий конференцияга 28 мамлекеттен 160тан ашык окумуштуу жана эксперт катышат.

Оюндарды чагылдырууга 1 миңден ашык журналист, блогер жана медиа өкүлү, анын ичинде 200дөн ашык чет өлкөлүк журналист тартылды.

Уюштуруучулардын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын мурасын дүйнөгө таанытуу менен бирге, элдердин достугун жана маданий байланышын бекемдөөгө багытталган.

Зарема Жээналиева Азия ТВ

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *