VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Бишкекте расмий ачылууда

Көчмөн рухун дүйнөгө тааныткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды. Быйылкы ири масштабдагы иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн 3 миңге жакын спортчу катышууда.

Спортчулар спорттун 43 түрү боюнча күч сынашат. Мелдештерде көчмөн элдердин кылымдардан бери сакталып келген спорттук салттары менен маданий мурастары кеңири көрсөтүлөт.

Оюндарды чагылдыруу үчүн 950 журналист иш алып барууда. Алардын 250ү — 56 өлкөдөн келген чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү. Ал эми 750 журналист жергиликтүү маалымат каражаттарынан.

Бул ирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук мелдештер менен гана чектелбейт. Көчмөн цивилизациясынын өкүлдөрү маданиятта, искусстводо жана салт-санада да өз өнөрүн көрсөтүшөт.

Бүгүн борбор калаадагы ири спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган заманбап көп функционалдуу спорттук комплекс — Бишкек Аренада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи өтүүдө.

Аземге Кыргызстандын жетекчилиги, ошондой эле чет өлкөлөрдөн келген жогорку даражалуу коноктор жана расмий делегациялар катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөшөт.

Ачылыш аземинин негизги бөлүгүн көчмөн элдердин тарыхын, кыргыз элинин каада-салтын жана маданиятын чагылдырган масштабдуу театралдаштырылган чыгармачылык программа түзөт. Анда улуттук музыка жана бий менен заманбап сахналык көрсөтүүлөр айкалышат.

Мындан тышкары, аземдин жүрүшүндө Кыргызстандын белгилүү артисттери жана чыгармачылык топтору музыкалык номерлерин тартуулашат.

Ал эми негизги спорттук мелдештер 1-сентябрдан тарта Ысык-Көлдүн ар кайсы аймактарында уланат.

Ат үстүндөгү өнөр, күч сынашкан күрөштөр, көк бөрү, көкпар, эр эңиш, тыйын эңмей жана башка улуттук спорт түрлөрү көчмөндөрдүн бай тарыхый-маданий мурасын дүйнөгө таанытууга багытталган.

Ачылыш аземинин соңунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө ачык деп жарыяланат.

 

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *