Бишкек–Нарын–Торугарт стратегиялык унаа жолунун 132-чакырымында жайгашкан медициналык пункт толугу менен жаңыланып, расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул иш-чара Human Appeal Australia эл аралык кайрымдуулук уюмунун кайрымдуулук кербенинин алкагында өткөрүлүп, экинчи күнү саламаттыкты сактоо тармагына багытталды.
Аталган жол тилкеси Чүй жана Ысык-Көл облустарын байланыштырган маанилүү каттам болуп саналат. Айрыкча Боом капчыгайын камтыган бул аймакта жол кырсыктары көп катталып, ыкчам медициналык жардамга муктаждык жогору. Дал ушул себептен медициналык пункттун күнү-түнү иш алып барышы жолоочулардын өмүрүн сактоодо өзгөчө мааниге ээ.
Медициналык мекеме мындан 12 жыл мурда Human Appeal Australia фонду тарабынан курулган. Убакыттын өтүшү менен капиталдык оңдоого муктаж болуп, быйыл толугу менен жаңыланды. Имарат кеңейтилип, заманбап шарттар түзүлдү. Учурда бул жерде тез жардам унаасы толук даярдыкта туруп, медицина кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө иш алып барышат. Алар жол кырсыгына кабылган жарандарга, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ыкчам медициналык жардам көрсөтүшөт.
Адистердин айтымында, кышкы мезгилде аба ырайынын татаалдыгынан, ал эми жай айларында туристтердин көбөйүшүнөн улам бул тилкеде кырсыктар көп катталат. Ошондуктан медициналык борбордун жаңыланышы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.
Мындан тышкары, жолоочулардын ыңгайлуулугу үчүн медициналык борбордун аймагында чакан мечит да курулуп, расмий түрдө эшигин ачты. Бул сапарда жүргөн жарандар үчүн ибадат кылууга жана эс алууга шарт түзөт.
Ачылыш аземинде Human Appeal Australia уюмунун өкүлү Башар Аль Жамаль сөз сүйлөп, Кыргызстандын билим берүү, социалдык жана саламаттыкты сактоо тармагына салым кошуп жатканына кубанычта экенин билдирди. Ал мындан ары да кызматташтык уланаарына ишенимин билдирип, кыргыз элине бекем ыйман жана чың ден соолук каалады.
Жолоочулардын жолдогу коопсуздугу жана ыңгайлуулугу биринчи орунда. Боом капчыгайындагы бул медициналык борбор жана мечит мындан ары да күнү-түнү иштеп, жол үстүндөгү өмүрдү сактоого кызмат кылмакчы.
Зарема Жээналиева, Данияр Джаркынбаев
Азия ТВ
Бишкек, Чүй облусу
