Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги сүрөт көргөзмөсүн уюштурууда.
Бүгүн, 29-январда– Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги имам Сарахси атындагы башкы мечитинде Венгриядагы мечиттердин архитектуралык жана маданий өзгөчөлүктөрүнө арналган сүрөт көргөзмөсүн өткөрдү.
Бул көргөзмө Венгриядагы ислам архитектурасынын кооздугун жана тарыхый мурасын даңазалоо менен маданий алакаларды чыңдоого багытталган. Сүрөттөрдө Венгриянын аймагында жайгашкан мечиттердин уникалдуу архитектуралык стилдери, тарыхый баалуулуктары жана мусулман жамаатынын турмушу чагылдырылган.
Иш чарага Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын өкүлдөрү, Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, маданият жана дин таануучулар катышты Бул көргөзмө Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий кызматташтыкты жана диний сабырдуулукту илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.

