Human Appeal Australia: Кышкы кайрымдуулук кербени Чүйдөн Нарынга чейин жетти

Human Appeal Australia эл аралык кайрымдуулук уюмунун колдоосу менен өлкө аймактарында социалдык жардам көрсөтүүгө багытталган кышкы кайрымдуулук кербени өз ишин Чүй облусунун Кемин районунан баштады. Бул демилге кыштын катаал шартында муктаж жарандарга ыкчам жана даректүү жардам көрсөтүүнү максат кылат.
Кемин районундагы айыл-кыштактардан аз камсыз болгон 400 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомдору таратылып, ошондой эле 190 балага кышкы жылуу кийимдер жана жууркандар берилди. Жардам кербени Human Appeal Australia уюмунун демилгеси менен уюштурулуп, социалдык жактан аяр катмарды колдоого багытталды.
Human Appeal Australia уюму дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде гуманитардык жардам көрсөтүп, табигый кырсыктардан жабыркагандарга, балдарга жана улгайган жарандарга үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келет. Ошондой эле жакырчылыкты жоюуга багытталган социалдык программалары менен кеңири таанымал.
Кыргызстанда уюм билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык багыттагы долбоорлорду туруктуу негизде ишке ашырып келет. Мындан тышкары, таза суу программасынын алкагында аймактардагы айыл-кыштактарга суу скважиналарын куруп, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоого салым кошууда.
Кемин райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Эльза Исмаилова кайрымдуулук жардамдары калктын эң муктаж катмарына багытталып жатканын белгиледи.
Кайрымдуулук кербени муну менен гана чектелбей, андан ары Нарын облусунун Жумгал районуна жол тартты. Кышы катаал аймактардын бири саналган, 500дөн ашуун түтүнү бар Куйручук айылынын тургундары кербенди жылуу кабыл алышты. Айылдагы 300 үй-бүлөгө азык-түлүк жана жылуу жууркандар таратылып, мындан тышкары 80 үй-бүлөнүн ар бирине 1 тоннадан көмүр берилди.
Аймактын климаттык шартын эске алуу менен жардам өзгөчө муктаж болгон үй-бүлөлөргө багытталганын Куйручук айылынын айыл башчысы белгиледи.
Human Appeal Australia уюмунун жетекчиси Башар Аль Жамаль жергиликтүү элге жакындыгын көрсөтүп, ден соолугуна байланыштуу үйүнөн чыга албаган тургундарды жеке өзү зыярат кылды. Ал алардын абалынан кабар алып, жардам көрсөтүү менен элдин чыныгы турмуш шарты менен жеринен таанышты.
Кайрымдуулук кербенинин биринчи күнү Жумгал районунун Куйручук айылында ийгиликтүү жыйынтыкталды. Команда айыл тургундары менен жолугуп, жардам көрсөтүп, алардын күнүмдүк жашоосу менен таанышып, чакан, бирок маанилүү иштерди аткарды. Кеч кирип, ай тоолордун арасынан жаркырап чыккан маалда айыл жылуу нурга бөлөнүп, сапардын катышуучулары үчүн бул күн өзгөчө таасир калтырды.
Human Appeal Australia уюмунун өкүлдөрү мындай кайрымдуулук долбоорлору мындан ары да улантыларын билдирип, эл аралык жардам аркылуу жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртуу негизги максат экенин белгилешти.
Уюмдун жетекчиси Башар Аль Жамаль өз сөзүндө кыргыз элине болгон жылуу мамилесин да баса белгиледи:
«Мен кыргыз бир тууган элин абдан жакшы көрөм. Алар жөнөкөй, сыйчыл жана жүрөгүмө жакын адамдар. Биз 1997-жылдан бери Кыргызстанда социалдык долбоорлорду каржылап келебиз, анткени биз бир тууган элбиз. Кыргызстандын алыскы, кышы катаал аймактарындагы үй-бүлөлөргө жардам берүү — биздин чоң жоопкерчилигибиз. Биздин негизги максатыбыз — муктаж жарандарга өз убагында жардам берүү», — деди ал.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *