ШКУнун Улуттук офтальмологиялык альянсынын алгачкы жыйыны болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 21-августтунда Кытай Эл Республикасынын Тяньцзин шаарында ШКУнун Улуттук офтальмологиялык альянсынын алгачкы жамааттык жыйыны болуп өттү.

Бул тууралу жыйынга Кыргызстандын атынан катышкан белгилүү көз дарыгер, Дордой-Офтальмик-Сервис коз микрохирургиясынын директору Азизбек Эшмамбетов редакцияга билдирди. Жыйынды альянстын төрагасы профессор ЯН Хуа жетектеп, Ага Орусия, Казакстан, Өзбекстан,Монголия, Непал, Тажикстан жана Кытайдын мыкты офтальмологдору катышкан.Анда альянска мүчө өлкөлөрдун ортосунда офтальмологиялык медициналык технологиялар жаатында тажрыйба алмашуу жана кызматташуу; офтальмологиялык илимий-изилдөө долбоорлорун биргеликте ишке ашыруу жана инновацияларды алдыга жылдыруу;медициналык тейлөөнүн жергиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн альянстын өлкөлөрүнө сапаттуу кытай өндүрүшүндөгү дары-дармектерди, жана шаймандарды экспорттоо; ШКУнун Улуттук офтальмологиялык альянсынын жыйындарын башка өлкөлөрдө өткөрүү жана тарыйба алмашуу жана маалыматтарды биргелешип пайдалануу платформасын түзүү боюнча бир канча маселелер талкууланган.

Буга катар көрбөй калуунун алдын алуу жана офтальмологияны өнүктурүү боюнча улуттук пландарды иштеп чыгуу, өлкөдөгү шарттарга ыңгайлашкан профилактика жана дарылоо системаларын өркүндөтүү менен бирге, дарылоо технологияларын өнүктүрүү жана ШКУ өлкөлөрүндө көздүн көрүүсүн коргоо боюнча Форумду жана “Индустрия-илим-билим берүү-офтальмологиядагы практика” аталышындагы эл аралык симпозиумду өткөрүп туруу жана башка бир канча маселелер жана көйгөйлөр демилгеленген.

Маалымат катары айтсак ШКУнун Улуттук офтальмологиялык альянсын түзүү Тяньцзин медициналык университети тарабынан сунушталган. ШКУнун офтальмологиялык альянсы-бул Кытай жана ШКУ өлкөлөрүнүн офтальмологиялык мекемелери тарабынан ыктыярдуу тузүлгөн коммерциялык эмес уюм.Ал региондогу офтальмологияны өнүктүрүүнун жалпы муктаждыктарына жооп берүү, артыкчылыктарды жана биргелешкен прогрессти өз ара толуктоо үчүн түзүлөт жана көз ооруларын алдын алуу жана дарылоо, кадрларды даяроо, илимий изилдөөлөр, агартуу ишмердүүлүгү жаатындагы кызматташтык максатты көздөйт.

 

 

 

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *