Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан демилге кылынган «Кыргызстанда салттуу Ислам түшүнүгү: ханафийлик-матуридийлик» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция отуп жатат.
Конференцияга Казакстан, Өзбекстан жана Пакистан өлкөлөрүнөн дин аалымдары чакырылган. Ошондой эле бул маанилүү иш-чарага өлкөбүздөгү дин аалымдары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышмакчы.
«Мамлекет ар дайым салттуу исламдын (ханафий мазхабы матуридий акыйдасынын) өнүгүүсүн, жайылуусун колдойт. Элибиз дин жолуна түшүп, ыймандуу, адептүү, чынчыл болууга аркети барбызды кубандырат. Ошону менен бирге учурда аларга чыныгы Ислам дининин баалуулуктары туура багытта түшүндүрүү зарылчылыгы турат. Матуридий акыйдасы боюнча кыргыз тилинде адабияттар, материалдар жокко тете жада калса диний кызматкерлердин көпчүлүгүнүн матуридий акыйдасы боюнча маалыматы аз. Негизги бөлүнүп жарылуу көйгөйү ушул туура эмес жат көрүнүштөгү акыйдадан башталаары барыбызга маалым» — деп айтылат кабарда.