Бишкекте Жакынкы Чыгыштагы акыркы кырдаал боюнча эл аралык конференция болуп өттү

Бүгүн, 23-октябрда борбор калаадагы “Европа” мейманканасында Жакынкы Чыгыштагы мүмкүн болуучу согуш жана анын Борбордук Азия чөлкөмү үчүн кесепеттери боюнча эл аралык эксперттик конференция болуп өттү.

“Eurasia Today” агенттиги маалымдагандай, иш-чара “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борбору тарабынан уюштурулду.

“АКШдагы шайлоо алдындагы Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы жаңы саясий альянстардын жана тирешүүлөрдүн контурлары” темасындагы конференция оффлайн жана онлайн форматында өткөрүлдү.

Ага КР президентинин администрациясынан, Коргоо министрлигинен, КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынан өкүлдөр, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Жогорку Кеңештин депуты Жалолиддин Нурбаев, “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борборунун директору, диний ишмер Кадыр Маликов, “Умма” ислам журналынын редактору Элиана-Марьям Сатарова, ошондой эле Кыргызстандын жана ар кайсы өлкөлөрдүн (АКШ, Германия, Иран, Алжир, Түштүк Африка, Франция, Түркия, Палестина) эл аралык мамилелер жана аймактык коопсуздук жаатындагы алдыңкы эксперттери жана аналитиктери катышты.

Конференциянын катышуучулары 5-ноябрда боло турган АКШдагы президенттик шайлоо жана анын Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азияга тийгизген таасирине байланыштуу аймактагы саясий жана гуманитардык шарттардын өзгөрүшүнө байланыштуу жаңы чакырыктарды жана перспективаларды талкууланды.

Талкууланган темалар:

  • Иран – Израил: Жакынкы Чыгышта мүмкүн болуучу согуш жана анын Борбордук Азия чөлкөмү үчүн кесепеттери;
  • АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарынын Жакынкы Чыгышка жана мусулман дүйнөсүнө тийгизе турган таасири. АКШнын тышкы саясатындагы мүмкүн болгон өзгөрүүлөр региондун саясий динамикасына, анын ичинде АКШнын Израил, араб өлкөлөрү, Түркия жана Иран менен болгон мамилелерине кандай таасир этиши мүмкүн?
  • АКШ жана Европа Биримдигинин Жакынкы Чыгыштагы жарыяланган баалуулуктар менен иш жүзүндөгү тышкы саясаттарынын ортосундагы карама-каршылыктар. Демократия жана адам укуктары жөнүндөгү риторика менен иш жүзүндөгү аракеттердин ортосундагы карама-каршылык.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *