Ислам жана азыркы учур: Жараткан тараптан берилген сыноо

Ислам жана азыркы учур

49-чыгарылыш

Ассаламу алейкум рахматуллохи. Бейпилдик жана Аллахтын мээримин каалайм!

Кадыр Маликов, ислам укугу боюнча адис

2001-жылы — Иордания университетин (Univercity of Jordan) “ислам юриспруденциясы” адистиги боюнча аяктаган.

2005-жылы — Испаниядагы Мадрид университетин (Universidad Complutense de Madrid) “чыр-чатактарды башкаруу жана Азия-Тынч океан аймагында жана Борбордук Азиядагы коопсуздук” адистиги боюнча аяктаган.

  • Урматтуу телекөрүүчүлөр, бүгүн биз өтө маанилүү маселе – Жараткан тараптан сыноо жөнүндө сүйлөшмөкчүбүз. Бүгүн калкыбыз бет келген нерсе — зор сыноо болуп саналат. Бул чектөөлөр, бул карантин, бул илдеттер жана өлүм.

Жараткан Аллах Куранда сыноо жөнүндө эмне дейт?

Аль-Бакара сүрөсүндө, 155 жана 156-аяттарында Жараткан Аллах ар бирибизге кайрылып мындай дейт: арабча “Биз сөзсүз силерди анча олуттуу эмес коркуулар: ачкачылык, мүлкүңөрдү, жакын адамдарыңарды, жемишиңерди жоготуу менен сынайбыз. Чыдамкайларды  кубандырып коеюн, алар жамандык келгенде: “Чындыгында биз Аллахка таандыкпыз жана ага кайтуучубуз”, — дешет.

Эгерде биз “Биз сөзсүз силерди сынайбыз же сынап көрөбүз” деген сөздөрдүн өзүнө келсек, мында маңыз үзгүлтүксүздүктө, башкача айтканда, Аллах бизди, ошондой эле бүткүл адамзатты жогоруда саналган сыноолор менен үзгүлтүксүз сынап турат.

Бул, биринчиден коркуу. Куранда Аллах мындай дейт: “Биз силерди сөзсүз коркуу менен сынайбыз”. Биз коркуу эмне экенин карап көрсөк, коркуунун эки түрү эске алынууда. Биринчиден, жалпы коркуу, башкача айтканда коомдун коркуусу, жалпы коомдогу коркуу. Бүгүн биз аны баштан кечирип жатабыз жана белгилүү бир коркуу бар – эртеңки күнгө ишенимсиздик. Ошондой эле конкреттүү коркуу түшүнүгү бар – адамдын өз өмүрү, жакындарынын, балдарынын, туугандарынын, ата-энелеринин ден соолугу үчүн коркуусу. Башкача айтканда, мында коркуу түшүнүгү дал ушул эки вариантта кетип жатат. Эки маанидеги түшүнүк – жалпы коркуу түшүнүгү, айталы, бир мамлекет экинчи мамлекет тарабынан кол салуудан коркууда. Ошондой эле жеке коркуу. Ар бир адам коркууну сезет.

Экинчиси – Аллах Курандын аяттарында коркуудан кийин ачкачылыкты атайт. Бул адам жетишсиздикти сезгенде, бүгүн коомубузда биздин жардамыбызга муктаж үй-бүлөлөр бар.

Бул ушул аркылуу Аллах Субхана ва Таала ачка болуп жаткандарды – булар жакыр үй-бүлөлөр, жана жардам берип жаткандарды же жардам берүүдөн баш тарткандарды сынайт. Башкача айтканда, мында адамдарды, коомду, биз канчалык башкаларга жардам берүүгө даяр экенибизди сынайт.

Үчүнчүсү, бул — мүлктү жоготуу. Биз бүгүн бүт дүйнөдө коронавирус пандемиясы башталып жана жүрүп жатканда көптөгөн ишканалар токтогонун, орто жана кичи бизнес кыйраганын. көрүп жатабыз.

Бул жөнүндө Куранда мүлкүн жоготуу аркылуу сыноо бардыгы айтылган. Башкача айтканда, адам мурда ээлик кылган нерсесин – акчасын, малдарын, кыймылсыз мүлктөрүн жоготкондо. Ошондой эле жакын адамдарын жоготкондо. Араб тилиндеги “анфус” түшүнүгү “өмүрдү жоготуу” деп которулат. Башкача айтканда, илдет же эпидемия түрүндө сыноо келгенде, көптөгөн адамдар өлүшөт, массалык кырылуу болот. Башкача айтканда, чума, холера, же биз бүгүн айтып жаткан коронавирус сыяктуу ар кандай илдеттерден кырылуу.     

Ошондой эле жемиштерди жоготуу. Жакында Кыргызстанда үшүк жүрдү. Ал бүтүндөй Борбор Азия боюнча болду. Көп сандаган фермерлер мөмө бактары үшүп кеткенин, быйыл түшүм бербесин айтышууда. Бул өңүттө жемиштерди жоготуу түшүмдү жоготууну билдирет. Бирок, Аллах Субхана ва Таала Куранда “чыдамкайларды кубандыр” деп айтат. Башкача айтканда Аллах пайгамбары Мухаммед саллалаху алейхи вассаламга “чыдамкайларды кубандыр” деп бизге айтсын деп жатат. Арабча, 

мында “кубануу” түшүнүгү бар. Анткени, ар бир сыноодон кийин жеңилдөө келет. Башкача айтканда бул – убактылуу.

Аллах адамдарды өмүр бою кыямат күнгө, акыр заманга чейин сынап келет. Бирок, ар бир сыноодон кийин, ортосунда жеңилдөө бар. Мына ошондуктан, Аллах: “Чыдамкайларды жакшы кабар менен кубандыр” деп айтат. Эмне үчүн? Себеби, Жараткан Кудайга ишенгендер бул сыноолор убактылуу экендигин, экинчиден, бул сыноолор Аллахтан жазалоо эмес, динге берилгендиктин бекемдигин сыноо гана экенин түшүнүшөт. Ошондуктан алар кайгырышпайт, кабатыр болушпайт.

Ошондуктан Куранда Аллах “Аларга кыйынчылык, башкача айтканда сыноо келгенде, алар тили менен гана эмес, чын жүрөктөн “чындыгында биз Аллахка таандыкпыз, чындыгында биз ага кайтып барабыз” деп айтышат. Арабча,  башкача айтканда, бул жашоодон кийин Ага кайра барабыз. Биздин жалган дүйнөдөгү иштерибизден кийин биз сөзсүз Аллахка эсептешүү үчүн кайра барабыз.

Мына ошондуктан ишенгендер ар кандай жамандык – бул сыноо экенин түшүнүү менен, эгерде алар чыдамдуу болушса, бул үчүн алар сыйакы алаарын, ал сыйакы Аллахта экенин билишет.

Мен бул аяттардын маңызы терең экенин баса белгилегим келет, башкача айтканда Жараткан Аллахтын кулдары кааласа каалабаса да бул жашоодо сыноодон өтүшөт.

Аллах ыйык Куранда ар бир адам сыноолордун дал ушул түрлөрү менен сынала тургандыгын айткан. Бул – оору, өлүм, мүлктү жоготуу, жемишти, башкача айтканда, түшүмдү жоготуу жана бул – ачарчылык менен коркуу. Сыноолор убагында динчил адам чыдамкайлык көрсөтсө, ал сый алат.

Бирок, адам чыдамдуулук көрсөтпөсө, Аллахка нааразы болсо, ыйлаактаса, же анда: “Ал эмне үчүн эмнеге бизди ушинтип сынайт?” деп, Аллахка кыжырдангандык пайда болсо, андайлар Аллахтын кыжырын келтириши мүмкүн.

Хадистердин биринде пайгамбарыбыз Мухаммед саллалаху алейхи вассалам мындай дейт: “Ким сыноодо чыдамкайлык көрсөтсө, Кудайдын ыраазылыгын алат. А Жаратканга кыжыры келген же нааразы болгон адамга Жараткандын кыжыры келет” (Термезиден сүннөт).

Исламдын көптөгөн аалымдары, окумуштуулары адамдын сыноо убагындагы төрт түрүн, мен абалын дейт элем, сүрөттөшөт: биринчиси — бул чыдоо, ал Аллахка жана акыр заманга ишенген ар бир мусулман үчүн милдеттүү болуп саналат.

Экинчи сапат да бар. Бул – шүгүр келтирүү, ал макталуучу сапат жана Кудайдан корккондуктун даражасы болуп саналат. Башкача айтканда, эгерде адам кандайдыр-бир сыноолорго жөн эле чыдаса, ал бул үчүн сый алат. Бирок, адам чыдоодон тышкары да Аллах аны сыйлаш үчүн бир нерсе менен сынап жатканына кошумча канааттангандык, ыраазычылык көрсөтсө, анда бул адам Аллахтын алдында эң жогорку даража алат.

Ыраазычылык — бул адам Аллахты сынаганы үчүн ыраазычылык билдиргени. А эгерде ыраазычылык адам ага жакшы болуп турганда эмес, дал ушул адам кандайдыр-бир жамандыкка кабылганда, сыноого жөн гана чыдап эмес, а Аллахты ыраазы болуп даңазаласа, бул чыдоонун эң жогорку даражасы болуп саналат жана дал ушул үчүн Аллахтын алдында эң жогорку даражаны алат.

Куранда жөн гана чыдабастан, Аллахка ыраазычылык билдиришкен адамдар жөнүндө айтылат. Аллах: арабча  “Булар Кудай периштелер алдында мактаган жана түз жол менен бараткандар” дейт.

Куранда Аллах белгилүү бир сыноолорго кандай мамиле жасашыбыз керектиги айтат: арабча “Чындыгында эле биз баарыбыз Жараткан Аллахка таандыкпыз жана ага кайтып барабыз”.

Ошондой эле биздин пайгамбарыбыз Мухаммед саллалаху алейхи вассаламдан берилген бир дуба жана сыйынуу бар. Ал айтат: “О Аллах, мага менин сыноом үчүн сый бер жана мени жакшыга алмаштыр”.

Бул дуба белгилүү бир учурдун жана окуянын негизинде болгон. Өзүнүн күйөөсү Абусалямды абдан сүйгөн Муссалям жөнүндө бир таржымал бар. Жакшы көргөн күйөөсүн жоготкондон кийин Пайгамбарыбыз ага бул сөздөрдү үйрөткөн. “О Аллах, мага менин сыноом үчүн сый бер  кийин жана мага жакшыга алмаштыр!”. Ал бул дубаны айткандан ал анын жакшы көргөн күйөөсүн Аллах кантип алмаштырып берерин билген эмес. Ал пайгамбарыбыз Мухаммед саллалаху алейхи вассаламдын аялдарынын бири болуп каларын билген эмес.

Мына ошондуктан Куранда Аллах мындай дейт: “Алар чыдашкан, алар өз динине ылайык талаптагыдай сыноодон өтүшкөн адамдар. Алар Кудайынын сыйына жана мээримине татыктуу болушат жана түз жол менен барышат”.

Бул жерден мен Аллахтын батасы ал мындай адамдарды периштелер алдында даңазалай турганын жана ырайым бере турганын айткым келет. Мына ошондуктан Аллах сыноолордон татыктуу өткөн адамдарды сыйлайт.

Урматтуу телекөрүүчүлөр, бул сыноолор убактылуу экенин жана алардан кийин жеңилденүү келерин билгиле. Жана Аллах чыдамдуулук көрсөткөн ар бир адамды сыйлайт. Ким кайраттуу болуп сыноонун кыйын кезеңинде адам боюнча калып, жакындарына, кошуналарына жардам берип, туугандарын эстен чыгарбагандарды сыйлайт. Мына ошондуктан бул сыноолор биз жакшы болушубуз, биз оңоло алышыбыз, каталарыбыз эмнеде болгонун түшүнүшүбүз үчүн. Себеби бардык өлкөлөрдө бардык адамдар сыноодон өтүп жатышат.

Жана алардын айрымдары Жараткан жөнүндө, алардын жашоосунун максаты эмнеде экендиги жөнүндө, биз каякка бараткандыгыбыз жөнүндө, биз бул турмушта эмнени өзгөртүшүбүз жөнүндө ойлоно башташты. Бири-бирибизге кайрымдуу болууга, бири-бирибизди сүйүүгө, бири-бирибизди баалай билүүгө, ошондой эле топтогон байлыктарыбызга, каражаттарыбызга , финансыларыбызга туура мамиле жасоо зарылдыгын да ойлоно башташты. Мына ошондуктан бул кризис бизди ар ким өзү гана аман калуусун, адам адамга карышкыр экенине эмес, кризис бизге оңолууга, өзүбүздөгү нерселерди оңдоого, баалуулуктарыбызды, жашоо максаттарыбызды бири-бирибизге бир туугандай мамиле кылууга үйрөтүүдө. Себеби адам адам-адамга бир тууган. Бир хадисте Мухаммед саллалаху алейхи вассалам мындай деген: арабча “Чындыгында силердин бириңер да өзүнүн жакынына өзүнө каалаганды кааламайын, мусулман боло албайт”.

Бул сыноолор бизге сабак болуп калууга тийиш. Биз бул сыноолордун максаты эмнеде экенин аңдап билишибиз керек. Себеби Аллах бизди бир нерсеге эле: биздин оңолушубузга, кайрадан динибизге келишибизге чакырат.

Ассаламу алейкум! Бейпилдик болсун!

 “Ислам жана азыркы учур” телеберүүсүндө сиздер менен Кадыр Маликов болду.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *