Ислам и Современность (44-чыгарылыш кырг): Ислам терс көрүнүштөргө кандай карайт?

Ислам жана азыркы учур

44-чыгарылыш

— Ассаламу алейкум варахматтулооху.  Бейпилдик жана Аллахтын мээримин каалайм!

Кадыр Маликов,  ислам укугу боюнча адис.

 2001-жылы Иордания университетин (Univercity of Jordan) “ислам юриспруденциясы” адистиги боюнча аяктаган.

 2005-жылы — Испаниядагы Мадрид университетин (Universidad Complutense de Madrid) “чыр-чатактарды башкаруу жана Азия-Тынч океан аймагында жана Борбордук Азиядагы коопсуздук” адистиги боюнча аяктаган.

Урматтуу теле көрүүчүлөр!

Бүгүн силер менен коомубуздагы бүгүнкү күндөгү эң заманбап көйгөй, атап айтканда трайбализм, улутчулдук жана бүтүндөй алганда расизм тууралуу баарлашкым келип турат.

Ислам  мындай терс көрүнүштөргө кандай карайт?

Биринчи кезекте, биз билебиз жана ар кимибиз баамдасак керек, ислам улуттук, этникалык жана тилдик белгилерине карата бөлүнүүнү четке кагат, тыюу салат. Болгондо да бул чоң күнөө болуп саналат.   

Тилекке каршы, социалдык тармактарда, турмуштук деңгээлдерде улуттук же  аймактык белгилери боюнча жактырбоочулук көрүнүштөрү көбүрөөк кездешүүдө деп айтаар элем. Башкача айтканда, тилекке каршы бүгүнкү күндө көбүнчөсүн түштүк жана түндүккө, ар кандай урууларга, этникалык белгилери боюнча жасалма түрдө бөлүнүүлөрдү көрүүдөбүз.  Болгондо да мындай бөлүнүү,  кастык мүнөздө-башкача айтканда, бардык күнөөлөрдө, бардык көйгөйлөрдө күнөөкөр катары аймактык же  улуттук белгиси  боюнча күнөөкөр болууда, бул ислам боюнча жол коюлгус.   

Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в. айткан: арабча, «эгер кимдир-бирөө улутчулдукту, жердешчилдикти же башка жек көрүүчүлүктү үгүттөп өлгөн болсо, ал  чындыгында ислам жолунда эмес, ал наадандыкта өлдү».  Дал ушул өтө коркунучтуу көрүнүш.  Айтып койгум келет, биз баарыбыз мусулмандарбыз, мусулмандар арасында этникалык белгиси боюнча чыр-чатак чыкса, алар кандайдыр парздарды аткарса да, жума намазга барса да, мусулмандар исламдан, салттуу исламдан алыс. Бул биздин исламды түшүнүүдөн өтө алыстыгыбызды айтып турат. Ислам — бул өзүнчө идеология, баалуулуктар тутуму, анда тилдик жана этникалык жана башка белгилери боюнча бөлүнүү жок.  Адамдын адамга болгон мамилеси урматтоонун жана кудайдан коркуучулуктун негизинде түзүлөт.  Жаман улут жок, жаман адамдар бар.  Ар кандай улутта биз эң начар адамдарды, ошондой эле, сени досторуң, туугандарың жана башкалар калтырып кеткен оор шартта, жардамга келүүчү  кудайдан корккон  жакшы адамдарды кездештиребиз. Ушул учурга кароо керек, анткени исламда кудайдан коркууну адам адептүү же адептүү эмес катары карайт.

 Куранда Аллах субхана ва таала айткан, Оо адамдар! Биз силерди акыйкатта эркек жана аял кылып жараттык, силер бири-бириңерди жакшы билишиңер үчүн, силерди эл жана урууларга коштук,. Жана Аллахтын алдында силерден эң кадыр-барктууңар — кудайдан корккондор. Акыйкатта Аллах Билүүчү жана Билдирүүчү. Курандын бул аяты  Аллахтын амири менен, ал бизди ар түрдүү маданияттагы, ар түрдүү улуттагы, ар түрдүү уруулардагы ар түрдүү адамдар кылып жаратты. Ошондуктан Ислам тескерисинче, ар түрдүүлүктү сактайт жана динге ишенген адамды өз ата тегин билүүсүнө түртөт, ал кайдан келип чыккан, анын ата-бабалары ким, өз санжырасын  билүүгө түртөт, ошондуктан кыргыздарда жана башка элдерде жети атасын билүү салты бар. Бул сунна болуп саналат. Аллахтын амири менен адамдардын ортосундагы тилдик, өңү түсү боюнча, маданиятынын, көз түзүлүшүнүн, темпераментинин, улуттук салттарындагы айырмачылыктар Жараткан Аллах тарабынан алдын ала аныкталган.  Аллах кош бойлуулуктун төртүнчү айында түйүлдүккө жан киргизет, ал кайсы үй-бүлөдө, кайсы улутка тиешелүү болуп төрөлүшүн аныктайт.

Эгебиз эч кимибизден, ким болуп, кайсы элде, кандай коомдо жана кандай маданиятта төрөлүшүбүз керектигин сураган эмес. Мунун баары Кудуреттүү Аллахтын эрки, Кудуреттүү Жараткандын эрки.

Бүгүн биз белгилүү бир сырткы күчтөр да, арабызда  провокаторлор да бар экенин билебиз, алар  улуттук же этностор аралык тиешелүүлүгүнүн негизинде, диний айырмачылыктардын негизинде  чыр-чатакты, же жек көрүүчүлүктү козутушат.

Мен айтып коеюн, улутчулдук жана жердешчилдик ар дайым болуп келген. Бул коомдогу терс көрүнүш саналат.  Бүгүн ал айрым таза эмес саясий күчтөр тарабынан улам көбүрөөк колдонулууда. Ал ошондой эле тышкы күчтөр тарабынан күчөтүү максатында, туруксуздуктун очогун түзүү максатында колдонулууда, анткени мусулмандар башка бир мусулмандарга кол көтөрүүдөн өткөн  жаман нерсе жок. Мындан жаманды элестетүү да мүмкүн эмес.  

Куранда Жараткан айтат, “эгер  динге ишенген мусулман кол көтөрсө (өлтүрүү максатында), же атайылап өлтүрсө, анын жазасы акыйкатта түбөлүк тозокто болуу”.    

2010-жыл эсимде. Кайгылуу июнь окуяларынан кийин, ошол окуялардан бир айдан кийин Рамазан учурунда биз белгилүү иштерди жүргүзүү үчүн түштүк аймагындагы мечиттерге барган элек. Мен чыгып сүйлөгөнүмдөн кийин, мен анда болгонун болгондой айтып, абдан катуу айткам. Башында бизди анча жактырышпай, жек көрүү менен тосуп алышты, эки тараптан тең кандайдыр агрессия, таарыныч жана адилетсиздикти туюу сезилип турду.  Бирок биз  белгилүү нерселерди, кандай болсо иш жүзүндө ошондой түшүндүрдүк, анткени биз мусулман экенибизди, биз бир Умма экенибизди, окуганыбыз жалгыз Куран китеби экенин. Өлгөнүбүздөн кийин Жараткандын алдында жасагандарыбыз үчүн жооп бере турганыбызды айттым.  Ушундан кийин  биз эмнелер жөнүндө айтканыбызды көпчүлүк  түшүнгөнүн көрдүм, анткени айрымдар ыйлап башташты.  Ушул айтылган сөздөрдөн кийин гана алар өз колдору менен эмне кылып койгонун түшүнүп башташканын биз түшүндүк. Анткени эң катуу күнөө болуп, динге ишенген адам динге ишенген башка адамды өлтүрүү үчүн кол көтөргөнүн, же динге ишенген адам, динге ишенген башка адамды улутка таандыктуулугуна, башка мамлекетке, башка урууга же башка аймакка тиешелүүлүгү боюнча жек көрүүсү эң катуу күнөө болуп саналат.

Бул өтө катуу күнөө болуп саналат. Бул исламга чейинки наадандык учурунда  бутпарас-арабдар башка урукка же башка урууларга же башка улутка тиешелүү болгону үчүн гана бири-бири менен согушуп, бири-бирин өлтүрүп келишкен жахилии мезгилине туура келет.

Исламда мындай түшүнүк жок, болгондо да улутчулдук сыймык жана жек көрүүчүлүктөн, жийиркенүү жана артыкчылык сезимдеринен туулат. Бул шайтандын сапаттарынын бири болуп саналат, Аллах ага Адамга таазим кылууну буюрганда, ал жооп катары “мен андан мыктымын, анткени мени сен оттон жараткансың, ал эми адамды ылайдан жараткансың” деп жооп берген. Башкача айтканда, Адамга карата артыкчылыктуулук сезими, менменсинүү, өзүмчүлдүк, текеберчилик, сыймыктануу орун алган. Ушундай ашкере сыймыктануу жана текеберчилик — артыкчылык сезими,-бул бүгүнкү күндө тыюу салынган улутчулдук жана расизм деп аталат. Бул эң оор күнөө болуп эсептелет.    

Бүгүн, тилекке каршы биздин коомдо, наадандык өтө көп, адамдар жума намазга бара алганына карабастан, адамдар өзүлөрүн мусулманбыз деп атаганына карабастан, алар өзүлөрүн улуттук жана аймактык белгилери боюнча бөлүп турушат. Бул, чындыгында чоң күнөө. Пайгамбарыбыз  Мухаммад с.а.в.: «Эгер жүрөгүңөрдө «такаббур» болсо, эч бириңер бейишке кирбейсиңер” деп айткан. «такаббур» —  ашкере сыймыктануучулук, бой көтөрүүчүлүк, текеберчилик. Бул хадисте бүгүнкү күндөгү биздин душманыбыз, бул көз артуучулук, артыкчылык жана жек көрүүчүлүк — биздин душманыбыз экени айтылып турат.    

Биз бүгүн көрүп турабыз, тилекке каршы, мусулман дүйнөсүнүн көптөгөн өлкөлөрү улутчулдук жана расизм илдетине чалдыгышты, бул ислам үчүн, өзүн мусулман деп атагандар үчүн — жол коюлгус.

Ошондуктан, айтып койгум келет, ар бирибиз бул өмүрдө да, аркы дүйнөдө да Аллахтын алдында өз тилибиз жана жасагандарыбыз үчүн жоопкерчилик тартабыз. Мен баарыбызды, Кыргызстандын бардык жарандарын бирге, бирдиктүү болууга чакырам. Аллахтын алдында тили же маданияты боюнча айырмачылык жок.  Акыйкатта, Аллахтын алдындагы айырмачылык,  ким кудайдан корксо, ким чынчыл жана адептүү болсо, ким Жараткандан корксо, ошол Кудайга жакындыгы менен айырмаланат. Ал эми ким дүрбөлөң салса,  ким чоң чыр-чатакка алып келүүчү провокаторлорду козутса, тигил дүйнөдө жазасын алат, биз бул өмүрдө да арабыздан алардын жолун  кескин буушубуз керек. Анткени бул бүгүн орун алган  коомубуздагы тенденция — абдан начар тенденция. Бул бизде маданият, боорукердик жана баалуулук багыттары төмөн түшүп кетти деп айттаар элем. Алар абдан бүдөмүк   жана ар кандай негизде жек көрүү отун тутандыруу өтө жеңил деп айтаар элем.

Бирге бололу! Биз бири-бирибизди колдоого тийишпиз. Биз чектен чыгуулардан, фанатизмден, таш боордуктан, жек көрүүчүлүктөн оолак болушубуз керек. Анткени биз бир эл, бир коомбуз, Сурак күнү ар бирибиз өз үй-бүлөбүз үчүн, аны сактап калуу үчүн, өз коомубузда абалды оңдоо үчүн туура сөздөрдү жеткирүү үчүн  эмне жасаганыбыз үчүн сурак беребиз?

Бул жерде жоопкерчилик сезими болууга тийиш. Аллахтан корккула, анткени Аллах аларда адилетсиздик болгон, аларда улутчулдук, расизм орун алган элдерди жана жамааттарды жазалоодо, аларда көрүнүштөр болгону үчүн эмес, аларда коомдун экинчи бөлүгү кайдыгер болгону үчүн, процесстерге байкоочу гана болуп, ал процессти токтотуу үчүн колу менен же сөзү менен эч нерсе жасабаганы, аракетсиздиги үчүн жазалайт.  Бүгүнкү күндө биздин аймак, биздин өлкө чоң геосаясаттын обьекти болуп саналат. Айрым геосаясый оюнчулар бар, алар биздин коомдо болгон жетишпестиктерди жана көйгөйлөрдү коом ичинде жек көрүүлөрдү тутандыруу үчүн, элдерди бири-бирине бетме-бет кагылышуусу үчүн колдонушат.  Бул чек ара жаңжалдары да, бул этностор аралык араздашууларды тутандыруу, бул — диний ич ара жана дин аралык чыр-чатактар.  Ошондуктан биз, уламалар, дүйнөдө эмне болуп жатканын билип, бул механизмдерди биздин жаштарды, калкыбызды этият болууга, сөзүнө баам салууга чакыруу үчүн кандай колдонууну түшүнүшүбүз керек.  Ар бир айтылган сөз, улуттук белгиси боюнча, туткан дини  боюнча кемсинтүү жана мазактоо — түзөтүлгүс залакаларга алып келээрин билип, абайлоого чакыруубуз абзел.   Мисалы — бүгүнкү Афганистан, Сирия, Ливия, Ирак. Башкача айтканда, бүгүн жарандык бүлүнүү жана аягы көрүнбөгөн жарандык согуш жүрүп жаткан өлкөлөр.  Адатта, карапайым адамдар, карапайым эл  жабыркайт. Мындай оюндардын артында тургандар өзүлөрүнүн геосаясый жана саясий максаттарына ээ. Ошондуктан бирге болуп,  катарыбызды чыңдашыбыз керек. Өтө этият жана сабырдуу болушубуз абзел. Бүгүн биз коом ичинде да, ошондой эле тышкы күчтөрдүн себебинен күчтүү сыноону өтөп жатабыз. Ошондуктан өз сөзүңөрдө абдан этият болгула.

Исламда өз үй-бүлөсүн, өз улутун, өз тилин жана маданиятын сүйүүгө тыюу салынбайт.  Тескерисинче, ислам өзүнүн улуттук, маданий иденттүүлүгүн өнүктүрүүнү жана сактоону колдойт. Бирок ислам ошол сүйүү чегинен чыгып, башка элдерге, башка маданияттарга жана башка улуттарга карата  басынтуучулук,  бой көтөрүүчүлүк мамиле үчүн негиз болгонун күнөөлөйт.  Улутчулдук  күжүрмөн жана агрессивдүү болуусун ислам колдобойт жана тыюу салат. Гитлердин мезгилинде “Германия баарынан жогору” деген жөнөкөй ураан фашизмге айланып, анын кесепети эмнеге алып келгенин  баарыбыз билебиз.  Ошондуктан баарыбыз тарыхты эсте тутуубуз абзел, кайсы жерде улутчулдук, расизм өкүм сүрсө, мунун баары туңгуюкка кептеп, мамлекетти кыйроого алып келээрине тарых бизди үйрөтөт.    Бүгүн улутчулдук жана расизм оорусу элди бөлүүдө жана коомду башкарууда курал катары колдонулуп жатканын түшүнүүбүз керек.  

Коомдо көп көйгөйлөр чогулуп калганын бүгүн баарыбыз түшүнүп турабыз. Бул социалдык көйгөйлөр, кедейлик жана коррупция жана башкалар.  Коомдо ар дайым көйгөйлөр болот. Биз жакшы болооруна ишенишибиз керек, үмүт жана коомдо  биримдик зарыл. Бүгүн биз коомдо эмнелер болуп жатканын, анын ичинде терс көрүнүштөр: адеп-ахлактын төмөндөшү, рухий дүйнөнүн жакырланышын көрүп турабыз. Бирок биз канчалык терең куласак, ошончо бат ойгоно тургандайбыз. Бизге ойгонуу керек,  бизди ар кандай саясий, деструктивдик күчтөр, кандайдыр тышкы факторлор башкаруучу  жөн гана жем азык  же инерттик масса болбошубуз керек.

Бул өлкөнүн жараны болуу, өз кошунаң, өз коомуң, өз үй-бүлөң жана  өз туугандарың үчүн жоопкерчиликтин белгилүү бир үлүшүн тартуу дегендикке жатат. Башкача айтканда, эч кандай бөлүнбөө керек. Биз канчалык улуттук, диний белгилер боюнча бөлүнсөк, дин ичинде ар кандай жамааттар бар, бул бөлүнүү эгер кастык мүнөздө болсо, бул эч кандай жакшылыкка алып келбейт. Биз кризистердин белгилүү этабын басып өтүп жатканыбызды түшүнүшүбүз керек.  Кризис ар качан болуп келген, бирок бул кризисти жеңүү үчүн бирге болушубуз керек, бири-бирибизди урматтоону билишибиз керек. Биримдик көп түрдүүлүктө болууга тийиш, биз көпчүлүк жана ар түрдүү болсок, бул Аллахтын эрки. Курчап турган дүйнөнү, табиятты карап көргүлөчү, Аллах бир эле түрдөгү гүлдү, мисалы ромашканы же жоогазынды  жараткан жок да. Биз ар түрдүү гүлдөрдү, ар түрдүү түстөрүн  көрөбүз, Жараткан Аллахтын  даанышмандыгы дал ушунда. Ал бизди сыноо үчүн ар түрдүү кылып жаратты, кимдир бирөө аракети менен мыкты, кимдир бирөө оор мүнөттөрдө, оор күндөрдө башкаларга караганда адамгерчиликтүүлүгү менен адам бойдон калат.  Албетте, дүйнөгө белгилүү жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, “эң кыйыны — күн сайын адам бойдон калуу”. Бул — албетте, чоң эмгек. Менимче, ал тургай мен терең ишенем, биздин коомдо баары жоголгон жок деп ишенем. Бизде жаштар бар, коомдо өз жоопкерчилигин сезген адамдар бар. Мейли алар, “балконский” аталгандар болсун, же  биз башкача жашап жатканыбызды, коомдо эмнедир туура эместигин, өзгөрүү керектигин түшүнгөндөр бар.  Өзгөрүүнү өзүбүздөн, эң жакын чөйрөбүздөн башташыбыз керек. Жакшылыкты сүйлөгүлө, же унчукпагыла. Айрыкча, бул социалдык тармактарга тиешелүү, анткени бүгүнкү күндөгү бардык дүрбөлөң, негизинен социалдык тармактар аркылуу жайылтылууда.  Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.  , “унчукпагыла же жакшыны айткыла” деп айткан, бул бүгүнкү күндө социалдык тармактар үчүн эң актуалдуу болууда. Мен ушуга чакырам.

“Ислам жана азыркы учур” телеберүүсүндө сиздер менен  Кадыр Маликов болду.

Программанын үстүнөн иштегендер:

Режиссер

Майрамбек Асанов

Операторлор:

Бакыт Жапаров

Талант Жапаров

Видео-инженерлер:

Адилет Кадыркулов

Марат Эрматов

Башкы режиссер:

Данияр Джаркынбаев

Башкы продюсер:

Асанбек Бийгельдиев

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *