“Ислам жана азыркы учур” (45-чыгарылыш) Бакыт жана бактылуулук деген эмне?

“Ислам жана азыркы учур”

45-чыгарылыш

— Ассалам алейкум варахматтулооху.  Бейпилдик жана Аллахтын мээримин каалайм!

Кадыр Маликов, ислам укугу боюнча адис.

2001-жылы Иордания университетин (Univercity of Jordan) “ислам юриспруденциясы” адистиги боюнча аяктаган.

 2005-жылы — Испаниядагы Мадрид университетин (Universidad Complutense de Madrid) “чыр-чатактарды башкаруу жана Азия-Тынч океан аймагында жана Борбордук Азиядагы коопсуздук” адистиги боюнча аяктаган.

Кымбаттуу телекөрүүчүлөр, бүгүн сиздер менен “Ислам жана азыркы учур” программасында биз өтө маанилүү темаларга, атап айтканда, жаңы приоритеттер, азыркы жаштардагы баалуулук шкаласы жөнүндө сүйлөшөбүз.

Көптөр, өзгөчө бул жаштарыбызга да тиешелүү, бакыт деген эмне суроосун беришет. Бул суроого көптөгөн жаштар ар башкача жооп беришет. Ошентсе да баары бакытка өздөрүнүн “менинин” каалоолору менен байланыштырышат. Башкача айтканда дал ушул жерде жашоонун жогорку максатынын ар кандай жеке жыргалчылыктарды, бул турмушта ырахаттанууну алуу, имидж жана карьеранын артынан кубалоо менен алмашылуусу жүрөт.

Ар кайсы өлкөлөрдө жүргүзүлгөн заманбап изилдөөлөргө ылайык, азыркы жаштар арасындагы турмуштук приоритеттердин картинасы мындай боло алат.

Биринчиси. Бүгүн заманбап жаштарда биринчи планда албетте, акча турат. Себеби, адам жакшы кирешеге ээ болсо, чоң акча таба алса, ал өзүнүн көптөгөн маселелерин чече алат. Жакындарына, үй-бүлөсүнө жардам берип, үйлөнө алат, жашоосун оңдой алат.

Башкача айтканда, бүгүнкү рыноктук экономика жана жалган баалуулуктар жалган максатты – акчанын артынан кууну түзө алышты.

Көптөгөн жаш адамдардын экинчи максаты болуп атактуу, белгилүү болуп калуу турат. Башкача айтканда, баарында ийгиликке жетүү, өзүнө көңүл бурдурууга жетишүү жана баарында биринчи болуу. Биз учурда билим берүүнүн заманбап методикаларына ылайык өз балдарыбызды дайыма биринчи болууга окутабыз. Башкача айтканда биз балдарга бул жашоо Жунгли экенин, адам адамга бир тууган эмес, адам адамга карышкыр экенин, ошондуктан дайыма биринчи болуу керектигин үйрөтөбүз.

Жаштарда приоритеттер шкаласында үчүнчү орунду престижге, карьерага умтулууга беришет. Билим, жакшы кесип алуу, коомдо салмакка ээ болуу, башкача айтканда кайрадан эле алдыга чыгуу.

Төртүнчү орунда жаш адамдын тышкы көрүнүшү, атап айтканда, дайыма модалуу болуу. Акыркы модада кийинүү, башкалардыкынан кем эмес нерселерге ээ болуу.

Бешинчи орунда өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, жакындарынын коопсуздугу, бул табигый нерсе сыяктуу.

Алтынча орунда үй-бүлө куруу, бул жашоодогу өзүнүн теңин табуу, бактылуу никеге ээ болуу.

Приоритеттер же баалуулуктар шкаласында көптөгөн жаш адамдарда акыркы, жетинчи орунда, тилекке каршы, чыныгы баалуулуктар – руханийлүүлүк жана адеп-ахлактуулук турат. Көптөгөн жаш адамдарда руханийлүүлүк жана адеп-ахлак ушул орунда турат. Башкача айтканда бактылуу болуу маселесинде руханийлүүлүк жана адеп-ахлак тилекке каршы, акыркы орунда.

Менде эмне үчүн руханийлүүлүк жана адеп-ахлак маселелери азыркы жаштарда азыркы баалуулуктар жана приоритеттер тизмесинде эң акыркы орунга туруп калышты деген суроо жаралат.  Пенделик күнүмдүк тиричилик менен жашап жатып — азыркы жашоону күнүмдүк тиричилик дегенден башкача атоого болбойт.

Байкасаңыздар, биз бир ишембиден ишембиге, бир жума күнүнөн экинчисине чейин жашап жатабыз. Убакыт кум саатындай эле жүгүрүүдө, башкача айтканда биз убакытты сезбей жатабыз. Иш – окуу – мектеп – бакча – дагы бир нерселер… ошентип, күндөр сызып айга айланып, алар жылга болуп, ошентип бизди күнүмдүк тиричилик басып калууда.

Ар ким бүгүн кантип өз жашоосун жакшыртууну, башкача айтканда, биринчи кезекте ата-энесине жардам берүүнү, жакшы күйөөгө тийүүнү (жакшы кызга үйлөнүүнү), көп акча табууну, өзүнө квартира, машина сатып алууну ойлойт. Жалпысынан биз бүгүн бул жашоодо ийгиликтүү, бактылуу болууну каалайбыз. Бул ар бир адамдын табигый абалы, өзгөчө жаштар ушул жөнүндө ойлонушат. Биз окууну, университеттерди аяктап жатканда эртеңки күн жөнүндө ойлонобуз.

Силердей эле мен да ойлонуп жашоомду пландаштырганмын. Улутуна, диний көз карашына, социалдык абалына карабастан, бардык жаштар, жаштар эле эмес, бүгүн өзүнүн эң жакын адамдары, биринчи кезекте балдары үчүн бакытты, жакшы жашоону баары кыялданышат. Баарыбыз эртең сөзсүз жакшы болот деген үмүт менен жашайбыз. Үмүт, албетте, биздин пландарыбызда болот. Бакытка, жыргалчылыкка, коопсуздукка, бакубаттуулукка, саламаттыкка, жакшылыкка умтулуу  — адамдын табигый абалы. Мен санаган бул бардык умтулуулар борпоң пайдубалга, материалдык нерсеге курулгандар.

Дал ушул руханийлүүлүк жана динге ишеним, тилекке каршы, биздин азыркы приоритеттерде дээрлик эч кандай роль ойнобойт. Болгону өзүнүн “менинин” — эгосунун каалоосу бар. Себеби, ар ким өзү үчүн жыргалчылыкты каалайт. Биздин турмуштук адаттагы кооптонууларыбыз адамдардын көпчүлүгүндө жогорку жыргалчылык менен ассоциацияланат.

Аларды үч негизги түшүнүккө бөлүүгө болот. Бул – байлык, даңк жана сезимдик жыргалчылык. Башкача айтканда, биздин аң сезимибиз, кыялдарыбыз, кээде дубаларыбыз бул үч жалган максаттарга багышталган. Акчага, даңкка, турмуштук же сезимдик жыргылчылыктарга. Бул — чыныгы адашуу. Биздин аң сезимибиз, кээде дубаларыбыз, ойлорубуз дал ушул жалган максаттарга толгон. Биз буларды гана ойлойбуз, жашообуз бул жалган максаттардын артынан түшүүгө багытталган, а акыр аягында биз куру жалак калабыз. Биз бактысыз болуп чыгабыз, себеби, акча жашоо жана өлүм же ден соолук, же жөн эле бактылуу болуу маселесин чече албайт экен.

Ошондуктан биз канчалык ушул максаттарга жетише алсак, адам канчалык бай болсо, ал андан да бай болгусу келет. Ошончолук бул жыргалчылыктарды көбөйткүбүз келет. Бизде бийлик канчалык көп болсо, ошончолук бийлигибизди көбөйткүбуз келет. Даңкыбыз канчалык көп болсо, аны дагы көбөйткүбүз келет. Башкача айтканда, биздин эгобузду эч нерсе менен – байлык, данк, сезимдик жыргалчылыктар менен тойгузуу мүмкүн эмес.

Экинчи жагынан, биздин кыялдарыбыздын ишке ашпашы бизди өтө кайгыртат, иш жүзүндө бакыт эмне экенин билбестен өзүбүздү бактысыз сезебиз. Иш жүзүндө бакытты сезүүдө чоң ролду руханий жана материалдык жыргалчылыктын ортосундагы үндөштүк жана баланс ойнойт деп айтат элем.

Көптөгөн ойчулдар бакыт деген эмне экени жөнүндө ой жүгүртүп көрүшкөн. Себеби, бакыт бул акча эле эмес, ден соолук эле эмес. Бакыт деген эмне? Ошондуктан мен бул жерде бир нерсени келтиргим келет. Бакыт бул материалдык жыргалчылыкка эле жетишүү эмес, кандайдыр-бир жогорку нерсе менен аныкталат. Же өзүңдүн кандайдыр-бир кара ниет каалоолоруңду канааттандыруу менен эмес.  

Жашоону бактысыз сезип билүү биз күнүмдүк же өтмүш нерсени жакшы көргөнүбүздө пайда болот. Жана тескерисинче, биз сүйүүбүздү түбөлүктүүлүккө, түбөлүктүү жана чексиз болуп саналган Жаратканга берсек, анда бизди бул жашоодогу бардык кыйынчылыктарга карабастан, түбөлүк жашоо үмүтү азыктандырып турат.

Мүмкүн бакыт сен Жараткандын ысымы үчүн айланадагылар үчүн жакшы иш жасап жатканыңда, башкаларды кубантып же бактылуу кылып жатканыңда болуп жүрбөсүн?

Башкача айтканда, биз көп учурда өз жаныбыздын, өзүбүздүн ички руханий дүйнөбүз жөнүндө кам көрбөйбүз, жогорку максатты көздөгөндү токтотуп коебуз жана бул жашоодо эмне үчүн жашап жатабыз, мен эмне үчүн бул дүйнөдө жашап жатам, жашоомдун чыныгы максаты жана маңызы эмнеде деген суроолорду ойлонбойбуз.

Маңыз жөнүндө ойлонбой жана түбөлүк жөнүндө унутуу менен өмүр жана өлүм жөнүндө суроолордон үй, үй-бүлө, тиричиликтин кандайдыр-бир майда маселелери жөнүндө алаксып кетебиз. Ошондуктан биз өзүбүздүн тиричилик маселелерине берилип кетебиз. А алар эч качан бүтпөйт.

Ошентип, күндөр, жылдар өтөт, мүмкүн өмүр да ушинтип өтүп кетет. Ошондуктан көптөгөн адамдар өмүрүнүн аягында максатын билбестен, эмне үчүн жашаганын билбестен өткөрүп жиберишкенин моюнга алышат. Балдарды чоңойтушту, үйлөнтүп-жайлантышты, картайышты, ошентип, бул жалган дүйнөнү таштоочу убакыт келди. Анда бакыт эмнеде, жашоонун маңызы эмнеде?

Көптөр бул жашоодо аларга руханийлик жетишпегенин, руханий нерсеге канааттангандык жетишпегенин моюнга алышкан. Себеби андай дүйнөлүк тиричиликке толук кирип, Жараткан жөнүндө унуткан адам жан дүйнөсүндөгү бейпилдикти жоготкон, руханий жана пенделик жашоонун ортосундагы, материалдык жана руханий дүйнөнүн ортосундагы балансты жоготкон жана бузган.

Байыркы шумердик акылман сөз бар: “Дарыянын агымы менен сүзгөн адам чаң жол менен кайтат”. Башкача айтканда, бул, эгерде өзүңдү учурдун эрки менен, агым менен кое берсең, башкалар жашагандай күнүмдүк пенделик жашоо менен жашайсың дегенди билдирет. Албетте, бул жашоодо конкреттүү максатың болбосо, окуялардын, процесстердин эрксиз барымтасында каласың. Өзүңдүн жашооңду да жакшыртууга, коомду, курчап турган чөйрөнү өзгөртүүгө, кырдаалды жакшы жагына оңдоого аракет кылбаса, Аллах бул адамды сөзсүз ал баштаганга кайта алып келет. Башкача айтканда, тилекке каршы, ал эч нерсеси жок калып, өмүрү текке кеткенин түшүнүүгө келет. А жашоосу эч маңызсыз, башкалардыкындай жөн эле өтүп кеткен.

Мына ошондуктан мен, тилекке каршы, азыркы учурда биздин коомдо жаштар арасында гана эмес, көпчүлүк арасында да жашоонун жалган приоритеттери, жалган максаттары, баалуулуктардын жалган системасы жайылууда деп айтат элем. Алар бизди улам туңгуюкка алып барууда.

Бүгүн абдан курч турган суроолор бар экени жашыруун эмес. Ал суроолор төмөнкүлөргө тиешелүү: Эмне үчүн дин эркиндигине карабастан биздин коомдо ал материалдыктын чегинен тышкары чыгууда? Диндин жана динчилдиктин өскөнүнө карабастан руханийлүүлүк төмөндөөдө? Эмне үчүн мунун баарына карабастан биз руханийсиздиктин кучагына кулоодобуз? Проблема эмнеде?

Мен арабызда бүгүн жалган стереотиптер жана баалуулуктар жайылтылууда деп айтат элем. Албетте, интернетте, телевидениеде, кинодо жана жада калса, музыкада жана жарнамада да жаштар арасында максатка багытталган жалган баалуулуктарды, маңыздарды насыяттоо жүрүп жатат. Биринчи кезекте алар талашсыз чындыктар катары көрсөтүлүүдо.

Биздин жаштарга берилген биринчи жалган чындык – бул сен бир гана жолу жашап жатасың. Бир гана жолу жашагандан кийин сен өзүң үчүн гана жашоого тийишсиң. Башкача айтканда эгоизм, нарциссизм идеясын жайылтуу. Башкача айтканда биз өзүңдүн кумарыңа, эгоңо жүгүнүү. Биринчи орунда Мен, Меники, Мага, Мен үчүн турат.

Биз кээде билбестен туруп ушул жалган баалуулуктарда балдарыбызды тарбиялайбыз. Биздин балдарыбыз анан эгоист болуп калышат. Алар бизге керектөө көз карашынан карашат. Керектөө философиясы: ата-эне милдеттүү, мени өстүрүүгө, окутууга, үйлөнтүүгө тийиш, анан “жакшы калгыла!”. Мына ошондуктан көптөгөн карыларыбыз карылар үйүндө жашашууда. Себеби биз балдарыбызда башкалар үчүн жоопкерчилик сезимин тарбиялай албадык. Ошондуктан балдарыбыз эгоист болуп чоңоюшту. Бул эң чоң проблема.

Бардык адамдарда таңуулануу менен сен бул дүйнөдө бир эле жолу жашайсың, а ал жакта өлгөндөн кийин эч нерсе жок болушу мүмкүн, ошондуктан жаш кезиңде жашоодон баарын алууң керек көз караш калыптанды. Мындан экинчи жалган чындык – жаш кезиңде жашоодон баарын алып кал, баарын татып көр, күнөө экенине карабай деген келип чыгат. Себеби, жашоо бир келет, ошондуктан сен аларды жаман десең да баарын татып көр.  

Көп учурда жаш кезиңде жашоодон баарын алып кал деген жалган чындык өспүрүмдөрдүн ар кандай терс таасирлерге, жаман топторго, көчө тарбиясына тушугушуна, же баңгилик көз карандылыкка кептелишине алып келет. Алкоголду татып көрүп, баңгизатты татып көрүп дегендей… Башкача айтканда, бул жалган түшүнүк адашууларга алып барат.

Үчүнчү жалган чындык – кесепеттери жөнүндө ойлонбо! Сен жашсың, сага көп нерсе кечиримдүү, сен баарын татып көр, сен өз жоруктарың үчүн жооп бербейсиң! Бул кесепеттерин ойлонбоо жөнүндө жалган чындык биринчи кезекте өзүң үчүн жоопкерчилик, өзүңдүн жоруктарың үчүн жоопкерчилик, өз күнөөлөрүң үчүн жооп бере билүү түшүнүгүн түп-тамырынан  жок кылат. Бүгүн коомдо өз жоруктары үчүн жоопкерчилик тарткысы , жооп бергиси келбеген жаштар, адамдар бар. Андайлар кесепеттери жөнүндө ойлонушпайт.

Төртүнчү жалган чындык – акча күч, ал баарын чечет! Башкача айтканда акча жалган идол болуп саналат. Тилекке каршы, биздин коом өзгөрүлдү, ал катуу өзгөрдү жана Советтер Союзу убагындагы коомдон кескин айырмаланат. СССР убагында динге тыюу салынган, атеизм болгон, бирок, адамдар эмне үчүн руханийлүү, адеп-ахлактуу болушкан. Кошуна кошунасынан бийик коргон менен бекинген эмес, кошуналар бири-бирин билишкен жана баарлашып турушкан, ширеңке, туз жок болуп калса, кошунаңдан сураган кадимки эле көрүнүш болгон. Туугандык байланыштар болгон, тууганына эскертпестен эле чай ичкени барчусуң.

Азыр коом өзгөрдү. Проблема эмнеде? Проблема белгилүү бир руханий же адеп-ахлактык принциптердин, баалуулуктардын ордуна таптакыр башка система келгенинде. Бул система жапайы капитализм же биз рыноктук мамилелер деп атаган нерсе менен келди. Иш жок болуп, акча менен баарын чечкенге болгондо келди. Акча баарын чечет деген жалган чындык биздин азыркы коомдун баалуулуктарынын жаңы системасынын бир бөлүгү  болуп калды. Биз рыноктук мамилелер деп атаган нерсе иш жүзүндө биз Даджалдын, Антихристтин жалган баалуулуктар системасы. Биз кээде саясий этияттык кылабыз, бирок Исламдын, жада калса Христианчылыктын, Иудаизмдин көз карашынан баалуулуктардын мындай жалган система Шайтандын системасы болуп саналат. Азыр бул система глобалдуу, дүйнөнүн бардык жеринде. Кыргызстандан баштап, айталы, Сингапурдун, Кошмо Штаттардын же Түркиянын жаш адамы болсун, акча, бийлик жана күч баарын чечет деп айтат. Жада калса эл аралык мамилелер жана эл аралык укук да бүгүн күчү жана акчасы болгондор тарабынан кысмакталат. Мына ошондуктан бул жалган чындык жаштарыбыздын көпчүлүгүнүн оюнда турат.

Башкача айтканда, коомубуздун материалдашуусу жалган идолдорго сыйынуудан башка нерсе болуп саналбайт. Идолдорду сырттан издебөө керек. Идол, же жүрөктүн оорусу деп аталган нерсе биздин ичибизде. Адам беш убак намаз окуп Аллахка сыйынышы мүмкүн, орозо кармашы, ажылыкка барышы мүмкүн, бирок, ал мечиттен чыгар замат, кеп материяга тиешелүү, долларга тиешелүү болгондо, кээде биз адам өзгөрө баштаганын, ал жалган баалуулуктардын барымтасында калганын көрөбүз. Акча – бул күч, ал баарын чечет деген. Бул идол биздин ичибизде экенин билдирип турат. Бул дал ошол Библияда жана Куранда да  айтылган алтын музоо. Алтын музоого сыйынуу. Бүгүн бул – идеология жана жада калса, жалган дин деп айтууга да болот.

Бүгүн жаштар акчага гана жетишүүнү эмес, бай болууну гана каалабастан, азыркы жаштар күтүүнү каалашпайт, алар эч кандай иштебестен азыр эле бактылуу жана бай болгусу келишет. Айталы, лотереядан утуп алгысы, анча мыйзамдуу эмес бизнести жасагысы же мамлекеттик кызматта туруп кандайдыр-бир легалдуу эмес, кылмыштуу жол менен байыгысы келишет. Бул бүгүн номер биринчи проблема болуп саналат. Коррупция менен күрөшүү системалуу башталат, жөн эле кармоо эмес, а боз схемалардын өзүнө бөгөт коюудан баштап жаңы муунду туура баалуулуктарда, туура идеологияда тарбиялоого чейин.

Биз бүгүн коомдо өтө күчтүү деградацияны көрүп турабыз. Дал руханий-моралдык, адеп-ахлактык кризисти. Ал эмнеден көрүнөт? Мисалы, бүгүн адам акчаны кантип тапканы көпчүлүктү кызыктырбайт. Адал таптыбы, арам таптыбы, коррупция аркылуубу, же уурдап алдыбы? Эң башкысы – ал акча таба алат. Айрым үй-бүлөлөрдө муну менен сыймыктанышат. Бул кризис эмеспи? Бул руханий кризис эмеспи?

Мына ошондуктан жаштардын, жалпы коомдун көпчүлүгү ага ылайык жашап жаткан баалуулуктардын жалган системасы жаш адам турмушта, курчап турган чөйрөдө каршылаш дүйнөнү көрүүсүнө алып келет. Адам – адамга карышкыр. Бул жашоодо күчтүүсү аман калган Жунгли. Чынында эле ушундай. Биз өзүбүз бул дүйнөнү түзгөнбүз. Бул глобалдуу адилетсиз система ушундай мамилелерди түздү – күчтүүсү аман калат. Тилекке каршы, биз күчтүүсү алсызын жеп салганды көрүп турабыз. Адилетсиздик бар, бирок, биз эч нерсе кыла албайбыз. Биз муну менен макул болушубуз, ага көз жумушубуз керек. Бул биздин өлкөдө гана эмес, глобалдык дүйнөлүк деңгээлдеги бүгүнкү күндүн чындыгы.

Бешинчи жалган чындык – максат каражаттарды актайт. Башкача айтканда, сиз максатыңызга кандай жол менен бара жаткандыгыңыз маанилүү эмес. Жакшы максатка да. Башкысы – максатка жетүү. Алдаса, уурдаса, адаштырса да болот. Бул жетишүү методу Исламда, албетте, арам болуп саналат. Бүгүн биз көптөр кантип кандай жол менен акча таап, кантип бир максаттарга жетишип жатышканы, ак жол мененби, же кылмыштуу жол мененби, ал жөнүндө ойлонуп да коюшпаганын көрүп турабыз. Бул – чоң проблема.

Эми негизги суроо – мындан ары эмне кылуу керек? Кантип коомубуздагы системалуу кризисти, системалуу катаны, системалуу үзгүлтүктү чечүүгө аракеттенүү керек? Биринчи кезекте Ислам деген эмне экенин түшүнүү зарыл! Ислам деген бул – сыйынуу гана эмес, намаз гана эмес, орозо гана эмес, Ислам адам турмушунун бардык чөйрөлөрүн, анын ичинде баалуулуктар жана приоритеттер деген түшүнүктү да камтыйт. Жаш адамга жан дүйнөсүнүн бейпилдигине, Жараткандын ыраазычылыгына жетишүү үчүн өз жашоосун кантип туура курушту, максатты, милдеттерди кантип туура коюшту.

Биринчи кезекте, Исламда рыноктук же либералдык, неолибералдык жалган баалуулуктардан айырмаланып, бул турмушту түшүнүүнүн өзүнүн максаты бар. Биринчиден, Курандын өзүнө ылайык, бул дүйнөгө келген адамдын эң жогорку максаты болуп Жаратканга сыйынуу саналат. Башкача айтканда, бул материалдык жашоонун максаты иш жүзүндө материалдыктын чектеринен, бул жакынкы жашоонун, дүйнөнү материалдык түшүнүүнүн алкагынан чыгып кетет. Эмне үчүн? Анткени, Куранда Жараткан: “Биз жиндер менен адамдарды Мага — Аллахка сыйынуулары үчүн гана жараттык” деп айтат.  (Куран, Заарият сүрөсү, 56-аят).

Исламга ылайык, жердеги жашоо адамдын акыркы максаты болуп саналбайт. Исламга ылайык, бул жашоо убактылуу жазмыш, түбөлүктүүлүктүн белгилүү бир үзүмүндөгү сыноо катары гана каралат. Анткени адам жаны түбөлүк. Бул жашоодон кийин түбөлүк жашоо башталат.

Куранда бул жакынкы жашоо мындай сөздөр менен сүрөттөлөт: Куранда Аллах айтат: “Билгиле, бул жалган дүйнө оюн гана, кооздук жана силердин араңардагы мактануу, ошондой эле көбүрөөк байлык жана балдарды табууга умтулуу гана”. (Куран, Ал-хадид сүрөсү, 20-аят).

Келгиле, бул аяттын маанисин ачалы. Эгерде бул аяттын маанисин карасак, адам бул жашоодо бир нече стадиядан өтө турганын түшүнөбүз. Биринчи стадия – бул балалык. Бул оюн гана, бала бардыгын оюн катары гана кабыл алат. Ага эң башкысы – ойноо. Ал ойнойт, уктайт, ойгонуп тамак жеп алып кайрадан ойнойт.

Аятта сүрөттөлгөн кийинки стадия – өспүрүмдүк курак. Дал ушул өспүрүмдүк курак — кооздук катары сүрөттөлөт. Жетилүү жүрөт, өзүнө кызыгуу, өзүнүн денесине, тышкы келбетине, адам кантип кийингенине кызыгат. Бул кооздук. Адам өзүн кооздойт.

Орто курак 25 жаштан баштап, сиз белгилүү бир статуска жеткен учур. Үй-бүлөлүк статуска, белгилүү бир ийгиликтерге жетишесиз жана бар нерсеңиз менен мактана баштайсыз. Коомдо, досторуңуз арасында мактанасыз, көрсөтө баштайсыз.

Кийинки курак 40 жаштан кийин башталат. Бул куракта балдарды бутуна тургузуу керек, балдарды үйлөнтүү, кыздарды күйөөгө берүү, аларды кандайдыр бир мүлк менен камсыздоо, бир сөз менен айтканда аларды жайгаштыруу үчүн акча топтоо керек. Бирок, жашоо – түбөлүктүү, ал эң сонун. Жашоо болгону жердеги убактылуу сыноо.

Куранда Аллах арабча деп айтат, Туль Мүлк сүрөсүндө Жараткан Аллах: “Колунда бийлиги бар — бата алган адам, андайлар ар бир нерсенин үстүнөн кубатка ээ, жана силерди кимиңер өз иштериңер менен эң мыкты боло ала турганыңарды сыноо үчүн өмүр менен өлүмдү жараткан” дейт. Башкача айтканда, бул жашоо сыноо гана, а негизги жашоо өлүмдөн кийин башталат.

Мына ошондуктан, Исламда эң жогорку идеалга, эң жогорку максатка ээ адам – атап айтканда, түбөлүктүүлүк үчүн жашаган, өз Жаратканына сыйынган адам бул дүйнөдө бакытты сезет. Бакыт – бул ишенген адамды дайыма коштоп жүрчү сезим, анткени андай адам дайыма Аллахтын бар экенин, Аллах аны карап турганын, Аллах аны таштабаганын сезип жүрөт. Бул сезим ишенген адамды бардык пендечилик иштеринде – балдарын өстүрүүдө, акча тапканында, жада калса дүйнөбий иштеринде да дайыма коштоп жүрөт жана ал да муну сезет жана баарын Анын ыраазычылыгы үчүн жасайт. Дал дүйнөбий жана руханий иштеринде.

Бул жашоодо адам Аллахка сыйынуу менен Жараткан ага мындай мүмкүнчүлүк бергенине ыраазы болот. Башкача айтканда, ишенген адам ишенбегендерден эгерде анда кыйынчылык болсо, бул сыноо гана экени, бул сыноо анын адеп-ахлагын жакшыртуу үчүн экенине, Аллах аны жакшыртуу үчүн сыноо бергенине, Аллах аны күнөөлөрдөн тазалоо үчүн сыноо бергенине ишенүү менен Аллах ага эмне берсе да ыраазы болгону менен айырмаланат. Башкача айтканда, ишенген адам дайыма Жаратканга ыраазы, а ыраазы болуу бакыттын эң жогорку даражасы, ал адам дайыма бактылуу, ал дайыма Жаратканга ишенет. Анда дайыма Аллах бизди таштап салбаганына, ал дайыма жаныбызда экенине ишенет. Мына ошондуктан, ишенген адам кандайдыр-бир кайрымдуулукту сезет. Мен муну руханий балансты сезүү, өз жүрөгүндө жана өз жанында бейпилдикти сезүү деп айтат элем. Бул бакыт эмеспи! Себеби, Кудайга ишенбеген, адеп-ахлактык жөнүндө ойлонбогон өтө бай адамдар деле иш жүзүндө өз жашоосунда бактысыз. Алардын дүйнөсү тар жана ал жакыр. Мына ошондуктан акчасы бар адам бай эмес, бай жан дүйнөсү бар, жакшы иштери бар, Кудайдан коркуу бар, анын дүйнөсү, интеллектуалдык дүйнөсү, руханий дүйнөсү бар адам бай. Акчанын чоң суммаларына ээ адам эмес, мына ушул адам бай.

Курандын Тульгуром сүрөсүнүн 28-аятында Аллах: “Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат эмеспи” деп эскертет. Башкача айтканда, ишенген адамдар Аллахты кайгырганда да, кубанганда да эстейт, алардын жүрөктөрү тынчтанат. Алардын жүрөгүндө бейпилдик орноп, бакыт кирет.

Исламда Жаратканга жана материалдыкка ишенүүнүн ортосундагы баланс бар. Бул баланс дайым руханий менен материалдыктын ортосунда үндөшүп туруусу керек. Материалдыкка, албетте, акча, байлык, ден соолук, сулуулук, бийлик, карьера жана башкалар  кирет. Бирок, баланс болуусу керек. Баланс бузуулар замат адам аргасыздыкка кабылат.

Исламда дал ушул материалдык – акча, сулуулук, ден соолук жашоонун максаты болуп саналбайт. Исламда алар негизги максатка жетүү үчүн аспап гана болуп саналат. Негизги максат – Жаратканга сыйынуу, башкача айтканда, Кудуреттүү Жаратуучунун ыраазычылыгын издөө. Мына ошондуктан жашоонун максаты – бул жагымдуу иштерди жасоо жолу менен түбөлүк Жаратуучуга, анын ыраазычылыгына умтулуу. Бул дүйнөнүн бардык жыргалчылыктары максат эмес, каражат гана, алар туура пайдаланганда адамдын жашоосун бактылуу, жеңилдетилген, толук баалуу кыла алышат. Бир байыркы грек философу Аристотель айткандай, кергичте да бактылуу болууга да мүмкүн.

Жашоонун максаты – бактылуу болуу, бул жерде бактылуу жашоо. Башкача айтканда, ал жашоо ушул материалдык менен жыргалчылыктар жана сезимдер менен чектелген.

Ишенген кишинин чыныгы максаты борпоң эмес, бекем негизде туруусу керек. А бул бирдиктүү анык Жаратканга  — Аллах Субхаана ва Таалага ишенүү. Бул негизден чыныгы максаттардын шкаласы деп айтылгандын өзү түзүлөт. Ушул негизден Исламдын призмасы аркылуу баалуулуктар шкаласы деп аталган түзүлөт.

Ошентип номер биринчи чындыктан баштайлы. Исламда сен бир жолу гана жашай турганыңдан башка да жана жерде Жараткандын эрки боюнча кандайдыр-бир экзаменден өтөсүң. Мына ушул – номер биринчи чындык. Башкача айтканда, өлүмдөн кийин түбөлүктүү жашоо бар. Жана сен бул жерде жакшы иштерди көп жасоо жолу менен Аллахтын мээримине ээ болууга умтулууң керек. Айланаңдагыларга жакшылык жасоо менен, курчап турган дүйнөнү сүйүү менен, кайрымдуу болуу менен, жакындарыңа жардам берүү менен, башкача айтканда максимум жакшылыктарды жасоо менен жашап өтүүгө тийишсиң. Сен өзүң үчүн гана жашабоого тийишсин. Сен максимум жакшы иштерди жасап, Жараткандын ыраазычылыгы үчүн жашоого тийишсиң.

Дал ушул бул жашоодон кийин түбөлүк жашоо бар экенине, Акыр заман бар экенине, бейиш, тозок бар экенине, адилеттүү кайтарым бар экенине ишенүү ишенген адамды керт башын ойлобогон иштерге – Жараткандын алдында жакшы иштерди жасоо менен Жараткандын ыраазычылыгы үчүн жакындарына жардам берүүгө түртөт. Бирок, эң башкысы – жаш адам бул жашоо убактылуу гана экенине, андан кийин түбөлүк жашоо бар экенине ишенүү менен өз жашоосунун бекем пайдубалын түптөйт. Дал ушул бекем пайдубал руханийлүүлүктүн негизи. Ишенимге, ыйманга негиз. Бул өтө маанилүү. Себеби, Исламга ылайык, бул жашоонун негизги максаты — Жаратканга сыйынуу, ага ишенүү.

Бул мамы када сыяктуу, ага жашоонун башка калган приоритеттери деп аталгандар коюлат. Башкача айтканда, Жаратканга ишенүүдөн жана бул жашоо болгону сыноо гана экенинен кийинки экинчи приоритет – жаш болуп турганыңда көп жакшы иштерди жасап кал деген.

Эгерде биз буга чейин айтып кеткенибиздей, баалуулуктарды туура эмес түшүнүүдөн кийинки экинчи жалган максат – бул жаш болуп турганыңда жыргап кал деген жалган деген түшүнүк эгоизмди тарбияласа, исламдык түшүнүктө жаш болуп турганыңда сен, тескерисинче, көп жакшы иштерди жасап кал. Себеби, исламдык түшүнүктө жаштык – бул жаш адамда энергиясы көп, чынчылдык, эр жүрөктүүлүк көп мезгил, анда үмүт көп, дүйнөнү жакшы жакшы өзгөртүүгө умтулуусу көп кез. Дал ошондуктан жаштык жакшы иштерге, кырдаалды оңдоого пайдаланылышы, багытталышы керек.

Үчүнчү чындык – жоопкерчилик сезими. Жаш адамда кандайдыр-бир жогорку идеалдар болгондо жана ага Жараткан ыраазы болгондой жашоого умтулганда, ал өзүнүн жасагандары үчүн жоопкерчиликти сезүүгө тийиш. Хадисте мындай сүннөт да бар. Пайгамбар Мухаммед саллалаху алейхи вассалам мындай дейт: “Силердин ар бириңер имамсыңар, бирок, ар бир имам өзүнүн жамааты үчүн жоопкер”. Башкача айтканда, адам жоопкерчиликсиз жашай албайт. Ар ким жоопкерчиликтин белгилүү бир үлүшүн тартат. Ар бир адам өз үй-бүлөсү, балдары үчүн, балдар ата-энеси үчүн жоопкерчилик тартат. Ар бир жаран мамлекет үчүн жоопкерчилик тартат, ар бир адам бүтүндөй бул дүйнө, бардык адамзат үчүн жоопкерчилик тартат. Башкача айтканда, сөзсүз жоопкерчилик деген түшүнүк бар.

Мына ушундан улам мындан төртүнчү чындык келип чыгат. Исламда акча болгону белгилүү бир максаттарга жетүүнүн каражаты, аспабы гана болуп саналат. Акча эч кандай учурда идол болуп саналбайт. Ал болгону – каражат болуп саналат. Мына ушунда чоң айырмачылык жатат. Бул өңүттө Аллах адамдарды сынап, бирөөлөргө жакырдык, бирөөлөргө байлык берет. Бирок, байлык бергендерди алар берилген байлыкты канчалык Аллахтын жолуна, башкача айтканда жакшы максаттарга жумшай турганын сынайт. Демек, бул да сыноо. Ушундан улам максаттар уруксат берилген методдор менен жетишилери келип чыгат. Исламга ылайык максаттарга харам методу – зомбулук, коркутуу, алдоо сыяктуу методдор менен жетишүүгө тыюу салынат. Эмне үчүн? Себеби акчаны таза жол менен табуу керек. Эч иш кылбай үйдө отуруп алып дуба кылуу менен акча асмандан түшөт дегенге болбойт. Акча жашообуздун каражаты болуп саналат. Биз азык-түлүк сатып алабыз, бир нерселерге төлөйбүз дегендей. Бирок, акча максат болбошу керек, ал аспап гана. Акчаны дал ушул халал методу менен табуу керек. Акчаны алдоо жолу менен таппоо керек.

Мында, албетте, төмөнкү суроо келип чыгат. А акчага, сулуулукка, кесиптик, карьердик өсүшкө, же саламаттыкты сактоого умтулуу кандай болуп калат? Ислам ага тыюу салабы? Албетте, жок! Себеби, Ислам Аллах берген жакшылыктарга тыюу салбайт. Куранда бул саналгандардын баары жакшылыктар деп аталышат.

Куранда Аллах: “О Адамдын балдары, дуба кылган ар бир жерден сулуулангыла, жегиле, ичкиле, бирок, чектен чыкпагыла!”- дейт. Башкача айтканда, чектен чыгуу – бул адамдын материалдыкка жүгүнө баштоосу. Адамдын акчанын артынан кубалоосу, акчанын сулуулуктун артынан кубалоо менен руханийлик жөнүндө, Аллахка сыйынуу жөнүндө унутуп калуусу. Дал ушул Исламда баланс зарыл. Жегиле, ичкиле, кийингиле, сулуулангыла, бирок, чектен чыкпагыла.

Дагы бир чектен чыгуу – ысырапкорчулук. Экинчи чектен чыккандык – адам жакырчылыкка тушугуп жана байып кеткиси келбей, эч нерсе жасабагандыгы жана муну жакырчылык жакшы деп актангандыгы. Жок, андай эмес! Иш жүзүндө жакырчылык Исламда кемчилик болуп саналат. Эгерде адам акча таба алса жана үй-бүлөсүн бакпай үйдө отурса, майып эмес, жөн гана жалкоо болсо, анда ал адам — күнөөкөр. Жана динге жамынып кереги жок. Себеби, мунун баары күнөө.

Мен мындай мисалды келтирейин. Байыркы Грецияда “киниктер” же “итке окшогондор”  деп аталышкан философтор болушкан. Алар жашоонун жыргалчылыктарынан баш тартышып, жуунушпаган, чачтарын алдырышпаган, иштешпеген, акча табышпаган, кайыр сурашкан. Жана бул – алардын философиясы, аларга бул дүйнөдө эч нерсенин кереги жок дешкен.

Дагы мындай окуя бар. Атактуу философ Диоген челекте жашаган, ага падыша Александр Македонский келип: “Диоген, сен улуу окумуштуусуң. Мен сага падыша катарында эмне жасай алам?”- дегенде, ал: “Күндүн бетин тоспой, мындай турчу!” – деп гана жооп берген.

Башкача айтканда, Ислам бул – материалдык менен руханий дүйнөнүн ортосундагы баланс. Мен бардык телекөрүүчүлөргө бул жашоодогу приоритеттериңерди туура түзгүлө, чектен чыкпагыла, материалдык кулдардан болбогула, доллардын кулу болбогула, алтын музоо силердин жүрөгүңөргө кирип кетишине жол бербегиле, — деп айтмакчымын. Жүрөктө Аллах гана болууга тийиш!

 “Ислам жана азыркы учур” телеберүүсүндө сиздер менен Кадыр Маликов болду.

You May Also Like

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *