Видео: Кыргыз туугандар Ванда жолугушту

12-август күнү  эки өлкө арасындагы маданий көпүрөнү чыңдоо максатында кыргыз туугандар Түркия республикасынын Ван облусунун Эржиш районуна караштуу Улуу-Памир айылында жашаган кыргыздар менен жолугушту.

Иш-чараТүркиянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен “Ата Журттан туулган жерге карай” аталыштагы долбоордн алкагында ишке ашты.

Аталган долбоордун алкагында Кыргыз респпубликасынан барган өнөр адамдарын, чебер усталарды Улуу-Памир айылынын башчысыЭюпхан Койшаров баштаган айыл эли  жылуу тосууп алышты.

13-август күнү аталган долбоорррдуун алкагында иштер кызуу жүрүп баштады. Тагыраагы долбоордун овтору жана жетекчиси Гүлүм Алымкожоева айыл эли менен жолугушуп, 12 күндүк иш-план менен тааныштырды.

Ал эми музыкалык аспаптарды жасаган чебер уста Мирбек Манапбаев, булгаары,зегер буюмдар устасы Рустам Мамбетов, улуттук этно кийимдерди тигип үйрөтүүчү адис Бермет Байызова жана  кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын үйрөтүү үчүн келген Датка-Айым Кеңешовалар  күн сайын айыл элине,жаш балдар-кыздарга  окутуу-үйрөтүү иштерин кызуу жүргүзүшүүдө.

Иш-чарранын максаты Улуу Памир кыргыздарынын маданиятын өкүндөтүү, “Кыргызстандагы жана Ван шаарындагы кыргыз туугандардын арасында ынтымакты жана байланышты камсыздоо, эки өлкө арасында маданий көпүрөнү чыңдоого өзгөчө көңүл бүруулган

Кошмчалай кетсек Вандагы кыргыздарга, Кыргызстандан кийиз, темир, тери буюмдарын иштетилишин, улуттук музыкалык аспаптардын жасалуу жана аталган аспаптарда ойноо өнөрүн өздөрүү максатында 5 адис жиберилген. Алар 24-Августка чейин 10дон ашык балага комуз черткенди жана кол өнөрчүлүк боюнча бир нече айыл тургундарына сабактарды өтүштү.

Маалымдама:  1982-жылы Түрк башчысы Кенан Эврандын колдоосу менен 1050 кыргыз Ван районуна көчүрүлүп келген Бүгүнкү күндө  алардын саны 2000ге жетти.

Вам также понравится

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *