Сегодня, 9 мая, президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков принял участие в митинге-реквиеме, посвященном 74-годовщине Победы в Великой Отечественной войне, который прошел на площади Победы в городе Бишкек, и поздравил кыргызстанцев с Днем Победы.
Текст поздравления:
«Кымбаттуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери!
Жолдош жоокерлер, сержанттар жана прапорщиктер, офицерлер жана генералдар!
Урматтуу мекендештерим!
Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктайм.
Бүгүн — совет жоокеринин рухунун бекемдигин, чыныгы патриоттуулукту жана элдердин биримдигин даӊазалаган улуу майрам.
9-май — элдин сыймыгы жана көз жаш менен келген кубанычы.
Өткөн согуштун алааматы тарыхтын энчисине өтүп, ошол жылдарда калды.
Ал эми аталарыбыздын чыныгы эрдиги, нукура каармандыгы биздин жүрөгүбүздө жашап келет жана сезимибизде түбөлүк сакталат.
Аталардын эрдиги менен сыймыктануу, алардын элесине таазим этип, урмат көрсөтүү — муундан муунга өтөт, урпактарга жетет.
Жеңиш күнүн белгилөө менен биз чындык менен акыйкаттык дайыма кыянаттыктан күчтүү болоорун даӊазалайбыз.
Жеңиш күнү — 21-кылымда согушту эӊсегендерге, бир улуттун же расанын башкалардан өйдө болушун көздөгөндөргө эскертүү болуп саналат.
Дорогие кыргызстанцы!
Поздравляю вас с праздником стойкости духа, патриотизма и единства народа — с Днём Победы в Великой Отечественной войне.
9 Мая — день общей гордости, день радости со слезами на глазах.
Особое значение этот день имеет для братских народов Советского Союза, которые все как один, плечом к плечу встали на защиту своего Отечества.
Человеческие жертвы, неизмеримые лишения и страдания, массовый героизм и доблесть воинов увенчались успехом.
Победу приближал неустанный труд в тылу, единство и стойкость всего народа Советского Союза.
Наши отцы и деды, ценой собственной жизни подарили нам возможность жить свободными и независимыми.
Наш народ одержал полную и блистательную победу над самым сильным, беспощадным врагом.
Весь ужас той войны остался в прошлом.
Но память о безмерном подвиге наших отцов и дедов осталась и сохранится в наших сердцах навечно.
Посмотрите сколько молодых людей сегодня в составе „Бессмертного полка“ проходят по улицам наших городов с портретами своих дедов, судьбу которых сломала война, но не сломила их волю.
Значит память о погибших жива, и продолжает жить среди нас.
Пример отцов и дедов обязывает нас к новым свершениям, достижению новых высот во благо Отчизны.
Уважаемые соотечественники!
Вклад Кыргызстана, внесённый во имя Победы, поистине значителен.
Наша республика снабжала фронт боеприпасами, продовольствием и вещевым имуществом, а оборонную промышленность — важнейшим стратегическим сырьём.
Фрунзенское пехотное училище готовило офицерские кадры для Красной Армии.
Работники медицинских учреждений выхаживали бойцов, прибывавших в республику на реабилитацию после ранений.
Простые граждане поддерживали действующую армию скромными, но наполненными любовью и верой фронтовыми посылками.
Труженики тыла показали беспримерный трудовой подвиг, работая на пределе человеческих возможностей.
Лозунг „Все для фронта, все для Победы“ стал лозунгом единения народа и великих трудовых свершений.
На фронтах в едином ряду защитников Родины героически сражались более 365 тысяч наших земляков.
Они покрыли себя неувядаемой славой.
Их имена золотыми буквами вписаны в летопись священной Отечественной войны.
За стойкость, мужество, героизм и отвагу, проявленные в боях против фашистского ига, более 150 тысяч бойцов и командиров были награждены орденами и медалями.
22 кыргызстанца стали полными кавалерами Ордена Славы.
73-м кыргызстанцам было присвоено высокое звание Героя Советского Союза.
Дорогие кыргызстанцы!
Сегодня, празднуя День Победы в Великой Отечественной войне, мы вспоминаем о подвиге более 130 тысяч лучших сыновей и дочерей Кыргызстана, погибших на полях сражений.
Мы склоняем свои головы перед их бессмертной памятью.
Мы чтим память тех, кто отдал свою жизнь во имя светлого будущего на земле.
Тех, кого так и не дождались дома овдовевшие жены, осиротевшие дети и престарелые родители.
Вечная слава беззаветно любившим свою Родину и отдавшим за нее жизнь!
Урматтуу мекендештерим!
Согуш майданында биздин аталар жана чоң аталар ыйык максат үчүн — биздин ачык асман алдында, тынчтыкта, ынтымакта жашообуз үчүн курман болушкан.
Алардын эрдигинин артында бир нече муундар жарык дүйнөгө келишип, тынчтыкта жашап жатышат.
Улуу курактагы көптөгөн ардагерлер дале биздин катарда.
Көкүрөгү орден жана медалга толгон ардагерлер — бизге ушул жашоону тартуу кылуу үчүн канын, жанын аябай, өлүмгө тик карашкан.
Согуш тозогун баштан өткөргөн баатыр жоокерлердин мисалында жаш муунду эр жүрөктүүлүккө жана мекенчилдикке тарбиялайбыз.
Ардагерлер жарандардын ынтымагын, коомдун биримдигин көздүн карегиндей сактоону бизге эстетип турган жандуу эстелик.
Алардын катары суюлуп бартканына жүрөк ооруйт, сезим зыркырайт.
Биздин милдет — аларга ар дайым сый-урмат көрсөтүү жана жалпыбыз менен көңүл буруп, камкордук көрүү.
Урматтуу мекендештерим!
Намысты, абийирди, Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыздын жолу — биздин улуу мурасыбыз, муундан муунга сыймыктануу менен айтылчу тарыхыбыз.
Улуу Манастан бери келаткан даӊазалуу жолдун уландысы.
Аталардын даӊктуу жолун улантуу, жан аябай Мекенди коргоо — биздин милдетибиз.
Бүгүнкү Жеӊиш күнү ар бир адамга, жалпы адамзатка дагы бир жолу согуштун кыяматын эскертип, дүйнөдө тынчтыктан өткөн дөөлөт жок экенин далилдеп турат.
Жер шарында согуш болбой, тынчтык орношуна салым кошолу.
Дүйнөлүк коомчулук менен бирге эл аралык террорго, улуттук жана диний экстремизмге каршы туралы.
Биз коомдун ынтымагын бекемдөөгө жана мамлекеттүүлүктү сактоого милдеттүүбүз.
Биримдигибизди, тынчтыкты көзүбүздүн карегиндей сактайлы!
Бул урпактардын алдындагы биздин зор жоопкерчилигибиз.
Бул Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары — аталарыбыздын элесинин алдындагы биздин милдетибиз!
Кымбаттуу согуштун жана ооруктун ардагерлери!
Тынчтыкта жашап жана өнүгүп жаткан Кыргызстан үчүн жасаган зор эмгегиӊерди ыраазылык менен эстейбиз.
Эрдигиңиздер урпактардын эсинде түбөлүк сакталат.
Эч ким, эч качан унутулбайт!
Сиздерди дагы бир ирет Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайм!
Ден соолукта, бакубат жашоодо бар болуңуздар!
Дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!
Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Кудайым өзү колдосун!».